ШКУдагы төрагалык. Кыргызстан дүйнөлүк саясаттагы негизги чечимдер кабыл алынуучу борборго айланат

ШКУ Загрузка... 20 Январь 2026 14:10
1881486002_0_161_31.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Жаңырган 2026-жылдын башталышы эл аралык укуктун кризисин жана БУУнун тынчтыкты сактоо функцияларынан ажыраганын көрсөткөн бир катар окуялар менен коштолду. Венесуэлада президент Мадуро уурдалды, Иран абдан оор мезгилди баштан кечирүүдө, ал эми АКШ европалык союздаштарынын пикири менен эсептешпей, Гренландияны аннексиялоо ниетин билдирди. Мындай шартта толук масштабдуу соода согуштарына айланып кетүү коркунучу бар терең экономикалык карама-каршылыктар курчуду. Кечээ эле ишенимдүү өнөктөш болуп көрүнгөндөр бүгүн геосаясий пикир келишпестиктерден улам бири-бирине бажы алымдарын киргизүүдө. Геосаясий көйгөйлөрдүн түйүнү барган сайын курчуп, глобалдык коопсуздук архитектурасынын кыйрашын жакындатууда.

Терең жана узакка созулушу мүмкүн болгон белгисиздик кырдаалында ШКУга кирген өлкөлөрдүн блогу геосаясий жаракалардан улам келип чыккан кыйраткыч экономикалык “цунамилердин” таасиринен эң жакшы корголгон аймак болууда. Шанхай кызматташтык уюмунун өз ара аракеттенүү аймагы тышкы конъюнктурага карабастан туруктуу. Ошону менен бирге, бир катар мамлекеттерде жаңы кызматташтык механизмдери, сооданы диверсификациялоо жана логистиканы куруу аркылуу экономикалык өнүгүүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн өсүшү байкалууда. Башкача айтканда, азыр ШКУ дүйнөнүн күч алып жаткан уюлу катары статусун бекемдөөдө жана дал ушул маанилүү мезгилде Кыргызстан бул эл аралык институтта төрагалык кылууда.

Албетте, Бишкек дүйнөлүк саясаттын борборуна айланып жатканын айтууга болот. Бирок бул окуянын эң негизги учуру — эл аралык мамилелердин жана глобалдык коопсуздуктун кыйрап жаткан системасынын ордуна цивилизациялык өнүгүүнүн жаңы борборлорунун ролу өсүп жаткан мезгилдердин тогошуусунда болуп жаткандыгы.

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун алдындагы ШКУ илимий-изилдөө борборунун жетекчиси Улугбек Ерешеев Кыргызстан глобалдык процесстердин катышуучусуна айланып жатканына жана Бишкектин жигердүү дипломатиясы менен демилгелери бүтүндөй Евразия мейкиндиги үчүн олуттуу мааниге ээ болоруна көңүл бурат.

3

«Мисалы, АКШ президенти “Биринчи кезекте — Америка!” деген ураан менен БУУга альтернатива катары “Тынчтык кеңеши” деп аталган өзүнүн түзүмүн түзүүдө. Бул — реалдуулук жана Ак үй башчысынын коркунучтуу глобалдык туруксуздукка болгон реакциясы. Бул түзүмдө кимдин кызыкчылыгы биринчи орунда турарын эч кимге түшүндүрүүнүн кажети жок деп ойлойм.

Ошондуктан биз үчүн ШКУ азыртан эле жаңы дүйнөнүн уюлу катары гана таанылбастан, экономикалык жактан да чыңдалып жатканы абдан маанилүү. Жаңы өндүрүштөр түзүлүп, транспорттук алкак чыңдалып, логистика диверсификацияланууда. Мунун аркасында өнөктөштөр ортосундагы соода жылдан-жылга өсүүдө. Россия менен Кытайдын ортосундагы бекемделген кызматташтыктан салыштырмалуу чакан өлкөлөр өз ордун табууда. Ошондой эле ШКУга Индия менен Пакистан, биздин жакынкы кошуналарыбыз кирет. БАЭ, Сауд Аравиясы, Түркия — диалог боюнча өнөктөш болуп саналат.

ШКУ мүчөлөрүнүн ортосундагы жолго коюлган кызматташтык механизмдери бирикменин тышкы факторлордон көз карандылыгын минималдаштырууга мүмкүндүк берет. Мында евразиялык өнөктөштүктүн келечеги абдан кең, ошондуктан Кыргызстандын жигердүү дипломатиясы, кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган демилгелери жана глобалдык өзгөрүүлөргө өз убагында берген реакциясы “Шанхай духун” чыңдоо жана аны конкреттүү мазмун менен толтуруу үчүн чоң мааниге ээ», — деп белгилейт Улугбек Ерешеев.

Факты жүзүндө Кыргызстан Евразия континентиндеги ири өнөктөш өлкөлөрдүн ортосунда ортомчу болуп, эл аралык өз ара аракеттенүүнүн жаңы эрежелерин калыптандырууга катышууда. Мамлекеттик жана саясий ишмер Токон Мамытов ШКУдагы туруктуулуктун негизги элементи — уюмдун эч ким менен атаандашпагандыгында жана өзүн эч кимге каршы койбогондугунда экенин айтат. Өнөктөш өлкөлөр өз кызыкчылыгына жараша иш алып баруу менен бирге, бири-биринин улуттук кызыкчылыктарын эске алып, ишенимдүү жана сый мамиледе экономикалык өнүгүү механизмдерин өркүндөтүп жатышат.

4

«Биз көрүп тургандай, калган дүйнө мамлекеттердин юридикалык теңчилиги принцибинен баш тартып, күчкө негизделген иерархиялык системага өтүп жатат. Мында укук эмес, мажбурлоо мүмкүнчүлүгү чечүүчү фактор болууда. Кыргыз Республикасы ШКУга төрагалык кылып жаткандыктан, бул миссиянын мааниси жана жоопкерчилиги сапаттык жактан жогорулайт.

Шанхай кызматташтык уюму — санкциялык, соода жана тарифтик согуштардын шартында туруктуулугун сактап калган, ар кандай өнүгүү моделдери жана кызыкчылыктары бар мамлекеттердин ортосундагы диалогду сактаган, аскердик-саясий кризистерге туруштук берген саналуу аянтчалардын бири. Глобалдык башкаруунун универсалдуу институттары алсырап жаткан шартта, ШКУ иш жүзүндө мамлекеттердин суверендүү теңчилигине, ички иштерге кийлигишпөөгө жана мажбурлоого эмес, консенсуска негизделген альтернативдик коопсуздук архитектурасынын тирегине айланууда.

Эл аралык чектөөлөрдүн мурунку системасы бузулуп жаткан шартта, так ушундай ШКУ сыяктуу аянтчалар жана Кыргызстан сыяктуу мамлекеттер дүйнөлүк саясаттын суверенитет, теңчилик жана алдын ала билүүгө боло турган принциптерин сактоо үчүн жоопкерчиликти алып жатышат», — деп жыйынтыктады Токон Мамытов.

Эксперттер белгилегендей, Бишкектеги ШКУ саммити 2026-жылдагы дүйнөлүк саясаттын башкы окуяларынын бири болот. Ага мүчө болгон 10 өлкөнүн тең лидерлери катышат, дагы 17 өнөктөш мамлекет саясий форумга кеминде өкмөт башчыларынын деңгээлинде келет. Кыргызстандын борбору узак мөөнөттүү стратегиялык чечимдер кабыл алынуучу жайга айланат. Күн тартибинде узак мөөнөттүү туруктуулук, экономикалык өнүгүү (анын ичинде ири өнүктүрүү банкын түзүү), транспорттук инфраструктураны чыңдоо жана санариптештирүү маселелери каралат.

Бишкек бул ири эл аралык иш-чараны Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата — “ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өнүгүүгө бирге” деген ураандын алдында кабыл алат.