Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) ар түрдүү маданияттары, экономикалык моделдери жана улуттук кызыкчылыктары бар мамлекеттердин ортосунда саясий ишенимдин уникалдуу мейкиндигин түздү. Бул тууралуу өз баяндамасында Кыргызстандагы Борбор Азия эл аралык соода палатасынын президенти Максат Чакиев билдирди.
Анын айтымында, ШКУнун кийинки өнүгүү этабы — түзүлгөн ишенимди экономикалык байланыштарга айландыруу жана биргелешкен өнүгүү, кошумча нарк жаратуу, биргелешкен өндүрүш, туруктуу инвестициялар жана жалпы бакубатчылык үчүн жаңы мейкиндик түзүү болуп саналат.
Максат Чакиев дүйнөлүк экономикадагы белгисиздик күчөп жаткан шартта ишенимдүү соода жолдорун, туруктуу инвестициялык шарттарды жана түшүнүктүү эрежелерди түзүү маанилүү экенин белгиледи.
Ал көп уюлдуу дүйнөдө саясий таасир борборлору гана эмес, рынокторго чыгуунун ишенимдүү багыттары, технологияларга жеткиликтүүлүк жана эл аралык өндүрүш чынжырларына катышуу мүмкүнчүлүктөрү да маанилүү роль ойной турганын айтты.
Баяндамачы Борбор Азиянын ШКУдагы ролуна токтолуп, аймакты жаңы экономикалык мейкиндикке айландыруу зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле Борбор Азия эл аралык соода палатасы ШКУнун Эл аралык соода жана инвестициялар палатасын түзүү демилгесин сунуштады. Жаңы түзүм ШКУ өлкөлөрүнүн бизнес-коомчулуктарынын, соода-өнөр жай палаталарынын жана компанияларынын ортосундагы кызматташтыкты күчөтүүгө багытталмакчы.
Максат Чакиевдин белгилешинче, ШКУ саясий ишеним жана маданияттар аралык диалог үчүн негиз түздү. Эми бул ишенимди экономикалык кызматташтык аркылуу бекемдөө зарылдыгын кошумчалады.