ШКУда "жашыл" өнүгүү кызматташтыктын негизги багыты болушу керек – Талат Шаббир

ШКУ Жүктөлүүдө... 27 Июль 2026 15:30
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагында "жашыл" өнүгүү жана экологиялык кызматташтык негизги багыттардын бири болушу керек. Бул тууралуу ШКУга мүчө мамлекеттердин ЖМК жана аналитикалык борборлорунун форумунун пленардык жыйынында Исламабаддагы Стратегиялык изилдөөлөр институтунун Кытай–пакистан илим изилдөө борборунун директору Талат Шаббир билдирди.

Анын айтымында, климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрөнүн бузулушу бүгүнкү күндө эң олуттуу глобалдык чакырыктардын бири болуп саналат. Пакистан дүйнөлүк парник газдарынын бөлүнүшүнө 1 пайыздан аз салым кошкону менен климаттык жабыркоолорго эң алсыз өлкөлөрдүн катарына кирет.

Ал 2022-жылдагы суу ташкындарын, аптаптуу ысыктарды жана мөңгүлөрдүн эришин мисал келтирип, бул көрүнүштөр экономикага, азык-түлүк коопсуздугуна жана инфраструктурага олуттуу таасир тийгизип жатканын белгиледи.

Талат Шаббир ШКУ алкагында:

  • кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүү,
  • "жашыл" каржылоо,
  • туруктуу инфраструктураны түзүү,
  • климаттык коркунучтарга каршы биргелешкен аракеттерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле ал Кытайдын "жашыл" технологиялар, таза энергия жана туруктуу өнүгүү багытындагы тажрыйбасын жогору баалап, Кытай–Пакистан экономикалык коридору экологиялык туруктуулукту камсыз кылууда маанилүү роль ойной турганын айтты.

Баяндамачынын белгилешинче, ШКУ өлкөлөрү калктын саны, энергетикалык ресурстар жана экономика жагынан чоң потенциалга ээ. Бул мүмкүнчүлүктөрдү глобалдык чакырыктарды чечүү үчүн биргелешип колдонуу зарыл.

Ал ошондой эле илимий мекемелер, ЖМКлар жана аналитикалык борборлор коомчулукту маалымдоо жана туура саясатты иштеп чыгууда активдүү роль ойношу керектигин кошумчалады.

Жыйынтыгында Талат Шаббир ШКУ өлкөлөрүн "жашыл" технологиялар, экологиялык башкаруу жана илимий инновациялар багытында кызматташууну күчөтүүгө чакырып, бул аракеттер туруктуу өнүгүүгө, аймактык туруктуулукка жана жалпы бакубаттуулукка өбөлгө түзөрүн белгиледи.