ШКУ саммитине даярдык: Чолпон-Атада ТИМ башчыларынын жыйыны өттү

ШКУ 312 24 Июль 2026 16:20
754462545_1463499275813578_4941254862180241147_n.jpg
754971248_1463499485813557_8178008559307112888_n.jpg
756646861_1463501405813365_5388160269990062701_n.jpg
756800735_1463499742480198_2791822351757357091_n.jpg
753164056_1463499809146858_3707960426482392727_n.jpg
753893553_1463499409146898_4865727784164567321_n.jpg
753893556_1463499872480185_4680959037179534938_n.jpg
753954040_1463501092480063_705493382491123446_n.jpg
753989897_1463501069146732_2026834990441221387_n.jpg
753989957_1463499505813555_1087222981997560715_n.jpg
754126997_1463499629146876_3824639951448335388_n.jpg
754278601_1463499269146912_1791168880319628440_n.jpg
754498070_1463499452480227_8032858776915446572_n.jpg
754648120_1463499842480188_5091128678330409970_n.jpg
754835717_1463499595813546_1507352931010140744_n.jpg
754835718_1463499605813545_95597321914876177_n.jpg
754872026_1463499715813534_5051159356609193807_n.jpg
754971191_1463499532480219_180158297901669614_n.jpg
755128498_1463499669146872_1894286518037818190_n.jpg
755287964_1463499659146873_3114605330985296805_n.jpg
755736349_1463501225813383_2476445161383045729_n.jpg
755736369_1463499889146850_383900608257919138_n.jpg
755949423_1463499942480178_2857713818728838210_n.jpg
756139157_1463501302480042_5714095298488605963_n.jpg
756340536_1463501355813370_4244535105592868146_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ТИМ

Бишкек, 24.07.26. /Кабар/. Бүгүн Чолпон-Ата шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жыйын ШКУнун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына туш келип,уюмдун Бишкек шаарында өтө турган саммитине даярдыктын жыйынтыктоочу этабы болду. Кыргызстандын ШКУга төрагалыгы "ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө бирге" деген ураан астында өтүүдө.

Министрлер эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ШКУ мейкиндигинде коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылууну, соода-экономикалык кызматташтыкты, транспорттук байланышты, энергетиканы, санариптештирүүнү жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

"Эл аралык мамилелердеги геосаясий чыңалуунун күчөшүнүн жана ишеним кризисинин шартында министрлер адилеттүү көп уюлдуу дүйнөлүк тартипти калыптандыруу, коопсуздукту, туруктуулукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу максатында күч-аракеттерди бириктирүүнүн зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттер БУУнун эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодогу борбордук ролун бекемдөөнүн, ошондой эле Уюмдун Уставын сактоонун маанилүүлүгү боюнча жалпы позициясын ырасташты", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле терроризм, экстремизм, сепаратизм, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, киберкылмыштуулукка жана башка заманбап чакырыктар менен коркунучтарга каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүүнү мындан ары да чыңдоого берилгендигин тастыкташты.

Экономикалык күн тартиптин алкагында биргелешкен инвестициялык, инфраструктуралык жана транспорттук-логистикалык долбоорлорду колдоо үчүн ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү боюнча консультациялардын илгерилеши белгиленди. Маданий-гуманитардык багытта Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын алкагында өткөрүлгөн иш-чараларга, анын ичинде ШКУнун Эл аралык Ысык-Көл марафонуна жана Чыңгыз Айтматовдун мурасына арналган Ысык-Көл эл аралык форумуна жогору баа берилди.

Мындан тышкары, алдыдагы ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына даярдык көрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Министрлер уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин кароосуна сунуштала турган документтердин негизги топтомун макулдашты.

Өткөн жыйын ШКУга мүчө мамлекеттердин өз ара урматтоо жана макулдашылган аракеттердин негизинде тынчтыкты, туруктуулукту, жакшы коңшулук мамилелерди, ошондой эле биргелешкен өнүгүүнү чыңдоого болгон жалпы умтулуусун дагы бир жолу тастыктады.