ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндары: ӨКМ коопсуздук талаптарын күчөттү

Көчмөндөр оюндары-2026 28 август 2026 10:10
787064441_1481010850738303_1138949751023850539_n.jpg
788218298_1481010817404973_707015391191371684_n.jpg
778985517_1481010990738289_1915630335031839749_n.jpg
778985531_1481011004071621_6377518334940330031_n.jpg
778985532_1481010800738308_6860471999423613623_n.jpg
778985533_1481010830738305_8553066034473881176_n.jpg
778985553_1481010944071627_5923773279391511189_n.jpg
786354531_1481011044071617_483709546515262066_n.jpg
786950784_1481010917404963_3015376672234283578_n.jpg
788019525_1481010900738298_8422050081029684989_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ӨКМ

Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышына байланыштуу коомдук коопсуздукту камсыздоого даярдыгын күчөттү.

Ведомствонун маалыматына караганда, учурда "Бишкек Арена" стадионунун аймагында ӨКМдин эки күжүрмөн эсеби нөөмөттө турат. Ошондой эле стратегиялык объектилерде мамлекеттик органдар жана күч түзүмдөрү менен биргелешкен коопсуздук иш-чаралары өткөрүлүүдө.

"Эки ири иш-чарага жалпысынан 607 кызматкер жана 36 атайын техника тартылат", - деп айтылат маалыматта.

ӨКМ жарандарды жана иш-чараларга келген конокторду өрт коопсуздугунун талаптарын сактоого, электр жабдууларынан этият болууга жана жардыргыч заттарды, аэрозолдорду жана газ баллондорун колдонбоого чакырды.

Өзгөчө кырдаал жаралган учурда дүрбөлөңгө түшпөстөн, тиешелүү кызматтарга же 112 бирдиктүү номерине кабарлоо керек.