Бишкек, 29.08.26. /Кабар/. Бишкекте ШКУ саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан мезгилде коомдук транспорт кадимки режимде ишин улантат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бирок айрым көчөлөрдө жана жол тилкелеринде кыймылга убактылуу чектөөлөр киргизилгендиктен, 2026-жылдын 31-августунда жана 1-сентябрында коомдук транспорттун каттам аралыгы көбөйүп, жолдо жүрүү убактысы узарышы мүмкүн.
“Ошондой эле бир катар автобус каттамдары убактылуу схемалар боюнча жүргүзүлөт. Өзгөртүүлөр №13, 17, 23, 34, 36, 40, 50, 52, 103, 107, 118, 166, 215, 222, 227 жана 254 каттамдарына жарым-жартылай тиешелүү болмокчу”, - деп айтылат маалыматта.
Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун сапарларын алдын ала пландаштырууга жана жолдо жүрүү убактысынын көбөйүшүн эске алууга чакырат.