ШКУ саммити: Кыргызстандын ролу жана глобалдык күн тартипти калыптандырууга катышуусу

ШКУ Жүктөлүүдө... 03 Август 2026 19:35
WhatsApp_Image_2026_6hkx4RG.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Кыргызстан ШКУ саммитинин алдында бир катар маанилүү визиттерди жана жогорку деңгээлдеги консультативдик жолугушууну кабыл алды. Бул иш-чаралар олуттуу саясий мааниге ээ болуп, Евразиялык өнөктөштүктүн жаңы күн тартибин калыптандыруу менен түздөн-түз байланыштуу болду. Азыркы глобалдык каатчылык жана кагылышуулар шартында анын кесепеттерин биз жана коңшу өлкөлөр да сезип жаткан учурда, эң башкысы - экономиканын туруктуулугун жана өнүгүү тенденциясын сактоо.

Континенттеги ири экономикаларды бириктирген Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) көп уюлдуу дүйнөнүн негизги борборлорунун бири катары калыптанып жатат. Ошондуктан 21 мамлекеттин башчылары катышарын тастыктаган Бишкекте өтө турган саммит, дүйнөлүк саясаттагы маанилүү окуялардын бири болот. Бул жагынан алганда, Кыргызстан өнөктөш өлкөлөр үчүн маанилүү аянтчага айланууда.

Негизги маселелердин бири — ШКУнун ишмердүүлүгүн дүйнөдөгү учурдагы кырдаалга жана геосаясий өзгөрүүлөргө ылайыкташтыруу. Мындан тышкары, уюмдун алкагында жалпы инфраструктуралык жана ири инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн өнүктүрүү банкын түзүү маселеси каралууда. Ошондой эле соода, транспорттук-логистикалык байланыштарды чыңдоо, терроризмге, экстремизмге, уюшкан кылмыштуулукка жана чек арадан өтүүчү жаңы баңгизат коркунучтарына каршы биргелешип күрөшүү да маанилүү темалардын катарында.

Саясат таануучу Марс Сариев “Кабар” агенттигине билдирген пикиринде акыркы айларда Түштүк Кавказдан тартып Борбор Азияга чейинки геосаясий кырдаал олуттуу өзгөргөнүн белгиледи. Анын айтымында, жакынкы убакка чейин бул аймак Чыгыш менен Батышты байланыштырган туруктуу транзиттик коридор катары кабылданып келсе, бүгүнкү күндө ири эл аралык жаңжалдардын кесепеттери бизди да кыйгап өтпөй калды.

Жакынкы Чыгыштагы эскалация Борбор Азияга түздөн-түз таасирин тийгизе баштады. Каспий деңизинин аймагындагы объектилерге дрондор жана ракеталар менен жасалган соккулар, Борбор Азия багытына жүк ташууну камсыз кылган темир жол инфраструктурасынын жабыркашы логистикалык чынжырларды үзгүлтүккө учуратып, салттуу каттамдарды кооптуу кылууда. Мындан тышкары, эксперттин пикиринде, Афганистан тараптан келип чыгышы мүмкүн болгон коркунучтарды да эске албай коюуга болбойт. Ушуга байланыштуу саясат таануучу Марс Сариев жакында Кыргызстанда өткөн бир катар мамлекеттик сапарлар жана сүйлөшүүлөр аймактагы экономикалык байланыштарды сактоо жана чыңдоо, энергетикалык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча аракеттерди координациялоо үчүн маанилүү экенин белгилейт. Ошол эле учурда ШКУнун лидерлеринин Кыргызстанда өтө турган саммити азыркы өзгөрүп жаткан кырдаалда чоң Евразиялык өнөктөштүк үчүн негизги саясий окуя болуп калмакчы.

“Борбор Азия өлкөлөрү менен Азербайжанды бириктирген “С6” форматындагы бейформал саммиттин өтүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анын мааниси аймактык кызматташтыктын чегинен алда канча кең. Чындыгында Каспийден Тянь-Шанга чейинки бирдиктүү стратегиялык мейкиндик калыптанып жатат. Бул жерде транспорттук байланыш, энергетикалык коопсуздук жана кризистерге биргелешип жооп кайтаруу маселелери координацияланган түрдө чечиле баштайт

Дал ушундан улам Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгы өзгөчө мааниге ээ болууда. Иш-чараларды уюштуруу менен чектелбестен, коопсуздук жаатындагы жаңы чакырыктарга жамааттык жооп иштеп чыгуу күтүлүүдө. Бул эл аралык транспорттук коридорлорду коргоо, терроризм жана трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөштө аракеттерди координациялоо, маанилүү инфраструктурага каршы диверсияларга бөгөт коюу, киберкоопсуздукту күчөтүү жана мүчө мамлекеттердин ыкчам өз ара аракеттенүү механизмдерин өнүктүрүү тууралуу сөз болууда.

Бүгүнкү күндө ШКУ жөн гана саясий диалог аянтчасы болбостон, Евразиядагы туруктуулукту камсыздоочу негизги институттардын бирине айланууда. Туруксуздук күч алып жаткан шартта дал ушундай уюмдар Кытай, Россия, Индия, Борбор Азия мамлекеттери жана башка катышуучулардын потенциалын бириктирип, каатчылыктардын бүткүл Евразия мейкиндигине жайылышына жол бербөөгө жөндөмдүү.

Кыргызстандын төрагалыгы өлкөгө заманбап коркунучтарды, эл аралык транспорттук коридорлорду коргоону жана бүткүл Евразия мейкиндигинин туруктуулугун бекемдөөнү эске алган жаңы коопсуздук күн тартибинин демилгечиси болууга мүмкүнчүлүк берет. Дал ушундай жамааттык жооп кайтаруунун практикалык механизмдерин сунуштай алуу Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын башкы саясий жыйынтыгы болуп калышы мүмкүн”, — деп баса белгиледи Марс Сариев.

ШКУ өнөктөштүгү - бул цивилизациялар бири-бирин өнүктүргөн, экономикалык потенциалды кеңири ачып, коопсуздук маселелерин биргелешип чечкен чоң өнүгүү регионун түзүү максаты менен Бириккен өлкөлөрдү колдоонун кеңири чөйрөсү. Аналитик Бактыбек Саипбаев Евразияда өнөр жайы өнүккөн, жогорку технологиялуу, адилеттүү соода эрежелери калыптанган жана көп деңгээлдүү туруктуу өнүгүү үчүн бардык шарттары бар өз алдынча субрегионду түзүүгө жетиштүү ресурстар бар экенин белгилейт.

"ШКУ кризистик кырдаалдарды кантип башынан кечирип жатканын карап көрүңүз. Дүйнөнүн башка аймактарына салыштырмалуу биздин экономика өсүүнү улантууда. Россия, Индия жана Кытай да мурда алдыңкы деп эсептелген мамлекеттерге караганда жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө. Дүйнө өзгөрүп жатат, дал ушундай бурулуш учурларда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун эң маанилүү саммитинин өтүшү өтө чоң мааниге ээ.

ШКУнун күн тартиби конструктивдүү долбоорлорго бай экенине көңүл буруу зарыл. Бул — транспорт системасын жана логистиканы өнүктүрүү, өнөр жай потенциалын жогорулатуу, технологиялык жаңылануу, санариптештирүү жана жасалма интеллектти өнүктүрүү. Шанхай кызматташтык уюму элдерди жана цивилизацияларды жакындатуу аркылуу дүйнөнү кантип жакшыртууга болорун көрсөтүүдө.

ШКУ — дүйнөлүк экономиканын үчтөн биринен ашыгын жана адамзаттын жарымына жакынын камтыган уюм. Бул — өнүгүүгө багытталган долбоор экендиги маанилүү. Кыргызстанда өтө турган саммитте келечекке байланышкан өтө маанилүү маселелер каралат. Демек, биз өлкөбүздө глобалдык деңгээлдеги өтө маанилүү окуяларга күбө болобуз”, — деп сөзүн жыйынтыктады Бактыбек Саипбаев.

Белгилей кетсек, Бишкек Шанхай кызматташтык уюму түзүлгөнүнө 25 жыл болгон учурда ири эл аралык иш-чараны өткөргөнү турат. Саммиттин урааны: “ШКУнун 25 жылдыгы: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө карай бирге”. Кыргызстан Евразия континентиндеги ири өнөктөш өлкөлөрдүн ортосунда медиатор болуу менен эл аралык өз ара аракеттенүүнүн жаңы эрежелерин түзүүгө катышууда.