ШКУ өлкөлөрүнүн өз ара кызматташуусу коркунучтарга натыйжалуу каршы турууга жардам берет – Орозбеков

Саясат Загрузка... 14 Май 2026 13:15
WhatsApp Image 2026-05-14 at 12.36.17 (8).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. “Ала-Арча” резиденциясында Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жыйынын ачты.

Орозбеков белгилегендей, уюмдун ишмердүүлүгүнүн көп жылдык тажрыйбасы Коопсуздук кеңештеринин жетекчилеринин биргелешкен жана системалуу иши заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүнүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга олуттуу салым кошуп жатканын көрсөтүүдө.

“Бүгүнкү жыйын ШКУга мүчө-мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү коопсуздук тармагында мындан да жогорку деңгээлге чыгарууга, ошондой эле мурдагы жана жаңыдан пайда болуп жаткан коркунучтарга каршы күрөштү күчөтүүгө мүмкүндүк берет”, - деди Орозбеков.

Ал өз сөзүндө жыйындын күн тартибин да тааныштырды. Күн тартибине регионалдык коопсуздук маселелери, терроризм, сепаратизм жана экстремизм менен күрөшүү, курал-жарак жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү, адам сатуу, мыйзамсыз миграция жана башка трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттер, ошондой эле эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери кирет.

Мындан тышкары, жыйында ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаевдин баяндамасы да күтүлүүдө. Жыйындын соңунда жетишилген жыйынтыктар боюнча протоколго кол коюу пландалууда.