ШКУ лагери: Тажикстандын жаш окумуштуулары Кыргызстанга келди

ШКУ 1244 06 Июль 2026 10:00
737720408_1336743517959954_2712840718640608710_n.jpg
738158416_2224634781630474_8065694861514522374_n.jpg
739355222_1650992829343744_2484091163967928290_n.jpg
740712645_1531512925303599_4549595739113710254_n.jpg
737674989_1683864402668938_6268686380887221960_n.jpg
737720402_1427918042726159_8712045253165111950_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 06.07.26. /Кабар/. Кыргызстанга Тажикстандын 15 кишиден турган жаш окумуштуулар делегациясы келди.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, алар Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн жаш окумуштуулары үчүн уюштурулуп жаткан эл аралык илимий-билим берүү лагерине катышууат.

Конокторду "Манас" эл аралык аэропортунан министрликтин Мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелисбек Музулманов тосуп алды.

"Бул эл аралык лагерь Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында өтүүдө. Программанын алкагында катышуучулар илимий сессияларга, топтук талкууларга, тимбилдингдерге жана практикалык воркшопторго катышып, командалык багытта иш алып барышат", - деп айтылат маалыматта.

Иш-чара ШКУга мүчө өлкөлөрдүн жаш окумуштуулары менен мектеп окуучуларынын ортосунда тажрыйба алмашууну, илимий кызматташтыкты чыңдоону жана жаңы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууну көздөйт.