Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Бүгүн, 25-июнда Бишкек шаарында Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгынын алкагында SCO Business & Industry Expo Kyrgyzstan 2026 эл аралык көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, көргөзмө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин кызматташтыгынын алкагындагы негизги ишкердик аянтчалардын бири катары бизнес өкүлдөрдү, инвесторлорду, мамлекеттик түзүмдөрдү, Соода-өнөр жай палаталарын жана ШКУга мүчө мамлекеттердин расмий делегацияларын бириктирди.
Көргөзмө Кыргызстандын инвестициялык потенциалын жана экономиканын ар түрдүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө багытталган. Иш-чарага курулуш, тоо-кен өнөр жайы, текстиль, каржы, банк, медицина, кол өнөрчүлүк жана башка тармактардын өкүлдөрүнөн турган 40тан ашык ата мекендик компания катышты.
Агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында өткөрүлүп жаткан көргөзмө инвестициялык байланыштарды чыңдоого жана бизнес өкүлдөрү менен потенциалдуу инвесторлордун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
“Бүгүн Кыргызстан жаңы инвестициялык өнөктөштүктөр үчүн ачык жана инвесторлорго биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн келечектүү багыттарды сунуштоого даяр. SCO Business & Industry Expo Kyrgyzstan 2026 сыяктуу эл аралык аянтчалар өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн таанытууга, бизнес, мамлекеттик институттар жана чет өлкөлүк өнөктөштөр ортосунда түз диалог түзүүгө, ошондой эле жаңы инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет”, -деп белгиледи Равшанбек Сабиров.