Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. Он күнгө жетпеген убакыттан кийин Бишкек эл аралык аренадагы жылдын маанилүү окуяларынын бири болгон ири саясий иш-чараларга күбө болот. Бул – Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити.
ШКУ кеңири консенсустун жана өнөктөш өлкөлөрдүн улуттук кызыкчылыктарын эске алуунун негизинде мамлекеттердин ортосунда принципиалдуу жаңы мамилелер түзүлүп жаткан өз алдынча күчтүү дүйнөлүк борбор катары позициясын бекемдеп жатат. Бул модель Евразия мейкиндигинде өнүгүүнүн кеңири аймагын калыптандыруу үчүн негиз болуп калды. Жаңы модель суроо-талапка ээ болуу менен жагымдуулугу артып, Евразиядан тышкары да ондогон мамлекеттер кызыгуу жаратууда. Кызыкчылык жана кызматташтык чөйрөсү тынымсыз кеңейип жатат. Дүйнөнүн башка аймактарынан айырмаланып, уюмга мүчө мамлекеттер өз ара колдоо жана кызматташтык механизмдерин түзүп, глобалдык туруксуздукка карабастан өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасынын өсүшүн камсыздай алышты. Соода жүгүртүүнүн көлөмү өсүп, ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы мамилелер жана байланыштар туруктуу бойдон калууда.
Эксперттер белгилешкендей, бардыгы менен өз ара пайдалуу кызматташууга ачык, ошол эле учурда туруксуздуктан жана тышкы таасирлерден коргоону камсыз кыла ала турган жаңы геосаясий реалдуулук калыптанууда. Бул системада глобалдык Түштүк өлкөлөрү – Кытай, Индия жана Пакистан барган сайын маанилүү роль ойной баштады. Алардын экономикасы, өнөр жай потенциалы, ресурстук базасы, илимий-техникалык деңгээли жана адам капиталы Евразиянын кеңири мейкиндигинде кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүү таянычтарынын бири болуп саналат. Борбор Азия өз ара байланыштар үчүн көпүрө милдетин аткарат. Бул аймак аркылуу континенттин түштүгүн түндүк жана Европанын бөлүгү менен байланыштырган коммуникациялар жана транспорттук коридорлор түзүлүп, ошол эле учурда Кавказга жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чыгууга ыңгайлуу мүмкүнчүлүк ачылат. Бул мейкиндиктеги өз ара байланыштарды шайкеш келтирүү ШКУну өнүктүрүү үчүн дээрлик чексиз мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Ошондуктан Кыргызстандын глобалдык Түштүк өлкөлөрү менен бекем жана ишенимдүү мамилелерди түзүүсү жаңы байланыштарды жолго коюу, биргелешкен ишмердиктин багыттарын кеңейтүү жана өлкөнүн экономикалык потенциалын чыңдоо үчүн өзгөчө мааниге ээ. Бул өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттарга тиешелүү. Атап айтканда, энергетика, санариптик жана креативдүү технологиялар, айыл чарба, фармацевтика тармактарынан тартып, биргелешкен өнөр жай ишканаларын жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн консорциумдарды түзүүгө чейинки кеңири чөйрөнү камтыйт.

Коомдук жана саясий ишмер, Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов “Кабар” маалымат агенттигине билдирген пикиринде азыркы эл аралык кырдаалда Бишкекте өтө турган ШКУ саммитинин мааниси ар тараптан өсүп жатканын белгиледи.
“Биздин өлкөдө өтө турган ири эл аралык форумга дүйнөлүк саясатта жана экономикада олуттуу салмакка ээ, глобалдык процесстерге активдүү таасир тийгизген глобалдык Түштүк өлкөлөрүнүн лидерлери да чогулат.
Бул жерде бир маанилүү нерсени белгилегим келет. Глобалдык Түштүккө кирген өлкөлөрдүн бири да согуш баштабайт жана тышкы саясатта да, ички саясатта да, коопсуздук маселелеринде да агрессивдүү позицияны карманбайт. Башкача айтканда, бүгүнкү күндө бул мамлекеттер өз ара урматтоо жана өлкөлөрдүн тең укуктуулугуна негизделген толеранттуулуктун, тилектештиктин үлгүсүн дүйнөгө көрсөтүп жатышат. Бул – жалпы адамзаттын өнүгүүсүнө багытталган күч.
Азыркы эл аралык шартта, тышкы чакырыктар күчөп турган мезгилде, бул абдан маанилүү. Менимче Бишкек саммити маанилүү иш-чаралардын бири катары эл аралык кырдаалга оң таасирин тийгизүү менен глобалдык Түштүктүн жана ШКУга мүчө бардык мамлекеттердин, өзгөчө орто жана чакан өлкөлөрдүн кадыр-баркын көтөрүүгө таасир этет”, – деди Аликбек Жекшенкулов.