Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) түзүлгөн 25 жыл убакыт аралыгында заманбап дүйнөдөгү эң таасирдүү эл аралык бирикмелердин бирине айланды. Бул тууралуу финансы министри Руслан Сүйналиев ШКУга мүчө мамлекеттердин финансы министрлеринин жана Борбордук банктардын төрагаларынын жолугушуусунда билдирди.
Анын айтымында, 2001-жылдын 15-июнунда Шанхай шаарында өз ара ишеним, коңшулук жана мамлекеттердин эгемендүү тандоосун урматтоо принциптеринин негизинде түзүлгөн уюм бүгүнкү күндө аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоодо гана эмес, соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүдө да маанилүү роль ойнойт.
Министр белгилегендей, дүйнөлүк экономика азыр олуттуу өзгөрүүлөр мезгилин баштан кечирүүдө. Бул өзгөрүүлөр геоэкономикалык тобокелчиликтердин өсүшү, каржы рынокторунун туруксуздугу, технологиялык өнүгүүнүн тездеши жана жаңы логистикалык чынжырлардын калыптанышы менен коштолууда. Мындай шартта ШКУ алкагында финансылык-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо өзгөчө мааниге ээ.
Сүйналиев кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын белгилеп, алардын катарына каржы системаларынын туруктуулугун камсыздоо, улуттук валюталарда эсептешүүлөрдү кеңейтүү, санариптик финансылык инструменттерди өнүктүрүү, инвестициялык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү жана биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзүү кирерин айтты.
“ШКУга мүчө мамлекеттердин каржы органдары менен Борбордук банктарынын ортосундагы тыгыз координация заманбап чакырыктарды жеңүүгө натыйжалуу ыкмаларды иштеп чыгууга мүмкүндүк берип, уюмдун жалпы экономикалык туруктуулугун бекемдөөгө өбөлгө түзөт”, - деди министр.
Ал ошондой эле Кыргызстан ШКУ алкагында өз ара урматтоо, ишеним жана бардык катышуучу мамлекеттердин кызыкчылыктарын эске алуу принциптерине негизделген практикалык кызматташтыкты ырааттуу түрдө колдоп келерин кошумчалады.
Жыйынтыгында финансы министри жолугушуунун катышуучуларын Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырып, бул иш-чара Евразия элдеринин бай маданий-тарыхый мурасын чагылдырган эл аралык аянтча экенин белгиледи.