Шамсиддинзода: Объективдүү журналистика ШКУ алкагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт

ШКУ Жүктөлүүдө... 27 Июль 2026 12:45
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Бүгүнкү күндө жалпыга маалымдоо каражаттары жана аналитикалык борборлор коомдук пикирди калыптандырууда, маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүдө жана мамлекеттер ортосундагы өз ара ишенимди бекемдөөдө маанилүү роль ойнойт. Бул тууралуу Тажикстандын улуттук “Ховар” маалымат агенттигинин директору Субхиддин Шамсиддинзода ШКУнун ЖМК жана аналитикалык борборлор форумунда билдирди.

Анын айтымында, мындай форумдун өткөрүлүшү Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин медиа өкүлдөрү жана эксперттик коомчулугу арасында пикир жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтчаны түзөт.

Шамсиддинзоданын белгилешинче, азыркы шартта дүйнөлүк көйгөйлөрдү чечүү биргелешкен аракеттердин, бардык мамлекеттердин кызыкчылыктарын урматтоонун жана өз ара ишенимди бекемдөөнүн негизинде гана мүмкүн.

Ал ошондой эле адилеттүүлүк, тең укуктуулук жана эл аралык укуктун принциптерин сактоо эл аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүү негиздери экенин жана ШКУнун ишмердигинде өзгөчө орунду ээлерин белгиледи.

“Шанхай кызматташтык уюму ар түрдүү маданиятка, тарыхка жана өнүгүү жолдоруна ээ мамлекеттерди бириктирген көп тараптуу кызматташтыктын маанилүү үлгүлөрүнүн бири катары калыптанды”, - деди жетекчи.

Ал ошондой эле Тажикстандын тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөөгө, эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө, туруктуу өнүгүү жана коопсуздукка багытталган демилгелерди илгерилетүүгө кошкон салымын белгилеп өттү.

ЖМКлардын ролу тууралуу сөз кылып жатып, бүгүнкү күндө журналистика жөн гана маалымат жеткирүү милдетин аткарбастан, элдердин ортосундагы диалогду өнүктүрүүгө да салым кошуп жатканын айтты.

“Жаңылыктарды кесипкөйлүк менен, объективдүү жана ишенимдүү чагылдыруу коомдук пикирди туура калыптандырууга, маалыматтык дипломатияны бекемдөөгө жана өз ара урматтоо менен кызматташтык баалуулуктарын жайылтууга жардам берет”, — деди ал.

Анын айтымында, Тажикстандын улуттук “Ховар” маалымат агенттиги ШКУнун ишмердигин чагылдырууга, аналитикалык материалдарды даярдоого жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен маалыматтык кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат.

Ал ШКУ өлкөлөрүнүн ЖМКлары жана аналитикалык борборлору мындан ары да кызматташуусун улантуу менен мамлекеттер ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө жана гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө чоң салым кошоруна ишеним билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн алгачкы жолу Бишкек шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин ЖМК жана аналитикалык борборлорунун форуму өтүүдө. Иш-чаранын уюштуруучулары — Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги жана Кытайдын Синьхуа маалымат агенттиги.

Форумга 26 өлкөдөн 250гө жакын өкүл катышууда. Алардын арасында алдыңкы маалымат агенттиктеринин жетекчилери, ЖМК өкүлдөрү, аналитикалык борборлордун, илимий мекемелердин, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бар.

Форумдун темасы — “Жаңы доордогу ШКУ: өз ара түшүнүшүүдөн практикалык кызматташтыкка карай” деп аталат.

Пленардык жыйындарда жана тематикалык сессияларда катышуучулар эл аралык маалыматтык кызматташууну өнүктүрүү, медиа чөйрөнү санариптик трансформациялоо, гуманитардык байланыштарды бекемдөө жана дүйнөлүк маалымат мейкиндигиндеги заманбап чакырыктарды талкуулап жатышат.