Шаардагы экологиялык көйгөйлөр: Мэрия жарандарды ачык жыйынга чакырат

Экология 7 июль 2026 14:00
Шаардагы экологиялык көйгөйлөр: Мэрия жарандарды ачык жыйынга чакырат

Бишкек, 07.07.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы шаарды жашылдандыруу маселелерин талкуулаган Экологиялык кеңештин ачык жыйыны өтөрүн билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйын 10-июлда саат 17:00дө "Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасынын питомнигинде өтөт. Иш-чара мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында өтүп, анда шаарды жашылдандыруу жана экологиялык багыттагы актуалдуу маселелер каралат.

Ошондой эле жарандар үчүн көчмө жыйын уюштурулуп, анда шаардагы көйгөйлүү аймактар каралып, активисттердин сунуш-пикирлери угулат. Көчмө жыйынга катышууну каалагандар саат 16:00дө мэриянын имаратынын алдына (Чүй проспектиси, 166) чогулушу керек.

Жыйынга жарандык активисттер, ыктыярчылар, экологиялык уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер жана блогерлер чакырылат.