Шаар куруу жана архитектура департаментинде окуучулар үчүн ачык эшик күнү уюштурулду

Коом 29 Апрель 2025 11:20
FB_IMG_1745903724547.jpg
FB_IMG_1745903721777.jpg
FB_IMG_1745903719391.jpg
FB_IMG_1745903717278.jpg
FB_IMG_1745903715272.jpg
FB_IMG_1745903711287.jpg
FB_IMG_1745903709387.jpg
FB_IMG_1745903707472.jpg
FB_IMG_1745903705471.jpg
FB_IMG_1745903703469.jpg
FB_IMG_1745903701413.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1745903724547.jpg
FB_IMG_1745903721777.jpg
FB_IMG_1745903719391.jpg
FB_IMG_1745903717278.jpg
FB_IMG_1745903715272.jpg
FB_IMG_1745903711287.jpg
FB_IMG_1745903709387.jpg
FB_IMG_1745903707472.jpg
FB_IMG_1745903705471.jpg
FB_IMG_1745903703469.jpg
FB_IMG_1745903701413.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 29.04.25. /Кабар/. Шаар куруу жана архитектура департаментинде 9-11-класстын окуучулары үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү.

Курулуш, архитектура жана турак жай - коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, аталган иш-чаранын алкагында мектеп бүтүрүүчүлөрү архитекторлор жана шаар куруучулардын иши менен таанышышты.

Кызматкерлер тарабынан даярдалган долбоорлор жана алардын натыйжалары көрсөтүлүп, ишмердүүлүк тууралуу кеңири маалымат берилди.

Ошондой эле окуучуларга шаардын өнүгүүсүнө таасир эткен архитектуралык жана шаар куруу долбоорлору көрсөтүлүп, андан соң департаменттин кызматкерлери алардын кызыккан суроолоруна жооп беришти.

Белгиленгендей, бул иш-чара жаштарга архитектор жана шаар куруучу сыяктуу кесиптер тууралуу көбүрөөк маалымат алууга жана келечекте ушул тармактардагы карьера тууралуу ойлонууга жакшы мүмкүнчүлүк түздү.