Серепчи: ШКУ көп уюлдуу дүйнөнүн келечеги үчүн маанилүү

ШКУ Загрузка... 31 Март 2026 20:00
800x450_di1QF6.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Чоң өнөктөштүктүн алкагында калыптанып жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун өз ара аракеттенүү ыкмасы мамлекеттер ортосунда жаңы, кыйла адилеттүү жана туруктуу мамилелердин түзүлүшүнө негиз жаратты. Шанхай кызматташтык уюмунун туруктуулугу жана зарылдыгы учурдагы көйгөйлөрдү чечүүдө жана биргелешкен өнүгүүнү камсыз кылууда тең укуктуу жана үзгүлтүксүз диалогдун маанилүүлүгүн таанууга негизделет.

Шанхай кызматташтык уюму эски дүйнөлүк тартип алсырап, жаңы күчтөр али толук калыптана элек учурда туруктуулукту сактоодо маанилүү роль ойнойт. Бул тууралуу саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты, Кыргыз улуттук университетинин эл аралык мамилелер факультетинин деканы Эсен Усубалиев менен болгон маекте айтылды.

Глобалдык өзгөрүүлөр жана туруксуздук маалында ШКУ аймагы салыштырмалуу туруктуулугун көрсөтүп жатат. Уюмга мүчө өлкөлөрдө экономикалык өсүш сакталууда, соода көлөмү өсүүдө, ал эми Жакынкы Чыгыштагы каатчылык анын ички энергетикалык базарларына олуттуу таасирин тийгизе алган жок. Бул Евразиялык өнөктөштүк жетиштүү туруктуулукка ээ деп айта алабызбы жана бул туруктуулук кантип камсыз болду?

Жалпысынан ШКУ мейкиндигинин туруктуулугу сакталат деген оң божомол бар болгону менен, Жакынкы Чыгыштагы окуялардын кесепети ШКУга мүчө башка мамлекеттерге тийбейт деп айтууга эрте. Алар азыртан эле таасирин тийгизип жатат, анткени Иран уюмдун толук кандуу мүчөсү болуп саналат. Бирок Евразиялык экономикалык биримдигинин (Россия, Беларусь, Борбор Азия) аймагындагы белгилүү бир туруктуулук запасынын аркасында бул кесепеттер биздин өлкөлөр үчүн бир аз убакытка жылдырылгандай болууда. Бул негизинен энергетикалык жана азык-түлүк ресурстарындагы өз алдынчалуулук жана аймактык коопсуздук системасы сыяктуу “коопсуздук жаздыгынын” бар экендиги менен түшүндүрүлөт. Ошентсе да бул бизге бейкапар болууга негиз бербейт. Бирок дал ушул Евразиялык өнөктөштүк, ошондой эле Жамааттык коопсуздук келишими уюму, ЕАЭБ жана ШКУ сыяктуу түзүмдөрдүн болушу азыркы чакырыктарга жамааттык жана макулдашылган жооп берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бул, албетте, эң позитивдүү жагдай.

Кыргызстан төрагалык кылып жаткан мезгилдеги негизги артыкчылыктуу багыттар тууралуу айтсак, эксперттер Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы борборду түзүү жана аймакты туруктуу кылуу максатында Афганистан боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн байланыш тобун активдештирүүнү белгилешүүдө. Мындай шартта дагы кайсы багыттарга өзгөчө көңүл буруу сунушталат?

Менимче, Кыргызстан үчүн негизги артыкчылыктардын бири - өлкөнүн аймактык жана континенталдык транспорттук байланыштагы ролунун өзгөрүшү. Айрыкча “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолу долбоорунун ишке ашышы өтө маанилүү. Президент Садыр Жапаров белгилегендей, бул долбоор Кыргызстанды континенттеги маанилүү транзиттик хабга айлантат. Натыйжада, өлкөнүн аймактык жана эл аралык мамилелердеги ролу жогорулап, ошол ролго ылайык жоопкерчилик да көбөйөт. Бул жагдай билим берүү системасына чоң милдеттерди жүктөйт, ошондой эле Россия, Кытай, Европа биримдиги жана АКШ сыяктуу өлкөлөрдө адистерди даярдоо маселесин да актуалдаштырат. Мындай масштабдуу өзгөрүүлөр үчүн жогорку квалификациялуу кадрлар зарыл. Евразиялык билим берүү мейкиндиги, ЕАЭБ өлкөлөрү менен катар, ШКУ мамлекеттерин да камтып, бул багытта кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.

Эксперттер ШКУ алкагындагы өнөктөштүктүн жаңы өсүү чекиттерин түзүп жатканын белгилешүүдө. Кээ бир саясат таануучулар болсо ШКУну жаңы көп уюлдуу дүйнөдө күч алып келе жаткан борбор деп баалашат. Сиз буга кандай дейсиз?

Көп уюлдуу дүйнө темасы азыр эл аралык саясаттагы негизги тренддердин бири болуп калды. Бул өзгөчө, ШКУ, ЕАЭБ жана БРИКС сыяктуу уюмдардын ролу күчөгөн сайын актуалдуу болууда. ШКУнун өзгөчөлүгү - чечимдерди тең укуктуу диалог, консенсус жана кеңешүү аркылуу кабыл алууда. Менин оюмча, ШКУ көп уюлдуу дүйнөнүн келечеги үчүн маанилүү жана жашоого жөндөмдүү модель болуп эсептелет. Кыргызстан да бул масштабдуу процесстин бир бөлүгү болуп саналат.

Август айынын аягындагы ШКУ мамлекеттеринин лидерлерин чогулткан Бишкекте өтө турчу саммит канчалык маанилүү болот? Эл аралык кырдаал туруктуу эмес маалда, бул жолугушуу 2026-жылдагы дүйнөлүк саясаттагы маанилүү окуялардын бири катары эсептелүүдө. Бул саммиттен кандай натыйжаларды күтөсүз?

Бул саммиттин Кыргызстанда өткөрүлүшү биздин тышкы саясий ведомство үчүн кезектеги жана жооптуу сыноо болот. Бул жерде кеп протоколдук иш-чаралар жөнүндө эле эмес, анткени өткөн жылдары Тышкы иштер министрлиги жалпы евразиялык өнөктөштүктүн алкагындагы бир катар саммиттерди өткөрүүдө эбегейсиз жүктү татыктуу көтөрө алган. Биз үчүн башкы сыноо - төрагалык маалындагы күн тартибин сунуштоо, андан кийин ал жөн гана дипломатиялык формулалар менен чектелбей, уюмдун мындан аркы өнүгүүсүнө чындап таасир этүүсү жана жалпы коопсуздук менен өнүгүү мейкиндигинде жаңы регионалдык жана эл аралык процесстерге жол ачышы керек. Жалпысынан алганда, өкмөттүн даярдыгын жана белгилеген артыкчылыктарын эске алганда, бул тапшырманы ийгиликтүү аткарууга болот деп эсептейм.