Сентябрдын аягында Бишкекте абанын булганышы чектен ашты - Кыргызгидромет

Экология Загрузка... 28 Сентябрь 2025 17:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 28.09.25. /Кабар/. Бишкек шаарында 19-сентябрдан 25-сентябрга чейин атмосфералык абада булгоочу заттардын максималдуу концентрациясы чектен ашканы катталган.

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, негизги булгоочу заттардын орточо суткалык концентрациясы белгиленген ченемдерден 2,67 эсеге ашты.

Адистер абанын булганышынын жогорку деңгээли тургундардын, өзгөчө балдардын, кары-картаңдардын жана өнөкөт респиратордук оорулары бар адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизерин эскертишүүдө.

Мүмкүн болушунча сыртка чыгууну азайтуу жана жеке коргонуу каражаттарын колдонуу сунушталат.