Бишкек, 17.10.25. /Кабар/. Индия сентябрь айында 9,615 млрд долларга алтын импорттоду. Бул тууралуу Интерфакс Индиянын Соода жана өнөр жай министрлиги кабарлаганын жазды.
Маалыматка караганда, бул көрсөткүч 2024-жылдын сентябрына салыштырмалуу 2,1 эсеге жана 2025-жылдын августуна салыштырмалуу 1,8 эсеге көп.
Буга чейин алтынга болгон суроо-талап эң жогорку майрамдык мезгилде (октябрь-декабрь) күчөшү мүмкүн экенин World Gold Council'дин талдоочусу Кавита Чако билдирген. Суроо-талаптын өсүшүнө инвесторлордун туруктуу кызыгуусу, үйлөнүү тоюна жана башка учурларда зер буюмдарын сатып алуу жана керектөө товарларына салыктын төмөндөшү да таасирин тийгизген.
Индияда товарларга жана кызматтарга карата салык реформасы 22-сентябрдан тарта күчүнө кирди.
2025-жылдын тогуз айында Индия 36,016 млрд долларлык алтын импорттоду, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7%га аз.
Белгилей кетсек, Индия дүйнөдөгү алтынды эң көп керектөөчүлөрдүн бири болуп саналат жана өзү дээрлик алтын өндүрбөйт.