Селден кийин Баетов – Макмал жолу калыбына келтирилди

Аймак Загрузка... 07 Июнь 2026 11:05
5314255098424793133.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 07.06.26. /Кабар/. Сел кесепеттерин жоюу иштеринен кийин Баетов – Макмал унаа жолу кайрадан ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 6-июнда катуу жааган жаандын кесепетинен Ак-Талаа районундагы Баетов – Макмал унаа жолунун 14-16-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолго зыян келтирген.

"Учурда жеринде жолду калыбына келтирүү жана сел калдыктарын тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле суунун агымын туура багыттоо жана буруу иштери аткарылууда. Учурда унаа кыймылы үчүн жол эки тараптуу ачык", - деп айтылат маалыматта.