Нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен жүрүп жаткан селдер, климаттын өзгөрүүсүнөн пайда болгон мөңгү көлдөрүнүн жарылуу коркунучу, жер көчкү тобокелдиктери сымал кооптуу процесстер Кыргызстандын эл аралык деңгээлде илгерилетип жаткан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү демилгесинин зарылчылыгын кезектеги ирет тастыктап жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсык коркунучу бар тилкелер боюнча 300дөн ашык эскертүү жиберген. Ал эми президенттин Тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү климаттын туруктуулугун жогорулатууга жана табигый кырсыктарды башкарууга багытталган долбоорлор ишке ашырылып жатканын билдирүүдө.
Кыргызстанда климаттын өзгөрүүсү адистердин божомолу гана эмес, ар бирибиз байкап жаткан реалдуулукка айланды. Жылуу кыштан кийин башталган жаз айлары өлкөнү сел жана суу ташкындары менен сынап жатат. Апрелдин аягы жана май айынын башында эле Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарында жүргөн селдер инфраструктуралык жана каржылык чоң чыгымдарга алып келди. Бир эле Баткендин Лейлек, Кадамжай, Баткен райондору менен Кызыл-Кыя шаарында жүргөн селдин кесепети 20 миллион сомдон ашты.

Учурда өлкө аймагында кооптуу жаратылыш кырсыктары болуп кетиши ыктымал 11 миңден ашуун тилке аныкталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Кабар" агенттигине кооптуу жаратылыш процесстери жана алдын алуучу иш-чараларды жүргүзүү зарылдыгы боюнча 300дөн ашык эскертүү берилгенин билдирди.
"ӨКМ жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу иштерин жыл башында, январь-февраль айларында эле баштаган. Сел, суу каптоо, жер көчкү жана башка кооптуу жаратылыш процесстери божомолдонгон тилкелер боюнча маалыматтарды тийиштүү мамлекеттик мекемелерге, жергиликтүү бийлик органдарына жиберген. Табигый процесстердин коопсуз өтүүсүн камсыздоо, калкты жана объектилерди коргоо, ошондой эле кооптуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдү көчүрүү боюнча тийиштүү тараптарга 2026-жылдын 28-апрелине чейин жалпы 345 атайын эскертме каттар жөнөтүлдү", — деп билдиришти ӨКМден.
Кыргызстандын аймагынын 90%дан ашыгы тоолуу болгондуктан, табигый кырсык тобокелдиги жогору аймак экени белгилүү. Абалды климаттын өзгөрүүсү курчутууда. Биздин өлкө климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатканын президент Садыр Жапаров Казакстандын Астана шаарында өткөн Регионалдык экологиялык саммитте да баса белгилегени маалым. Өлкө башчы билдиргендей, 2020-жылдан бери өзгөчө кырдаалдардын, анын ичинде сел, суу ташкындарынын саны 3 эсеге өстү, ал эми жылдык түз материалдык чыгым болжол менен 16 миллион АКШ долларын түздү. Мөңгүлөрдүн аянты акыркы 60–70 жылда 16%га кыскарды.
Жогоруда белгилеп өткөндөй, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын бийик тоолорундагы 2000 көлдүн 300дөн ашыгы жарылуу коркунучунда экенин маалымдап келет. 2024-жылы Ысык-Көлдүн тескейиндеги Зындан көлү, 2025-жылы Чүйдөгү Такыр-Төр көлү жарылганы маалым. Натыйжада тегеректеги айылдардын эли эвакуацияланган эле. Учурда Ош, Чүй жана Ысык-Көл аймактарында жайгашкан негизги мөңгүлөргө мониторинг жүргүзүлүүдө. Алардын каталогдору жаңыланып, спутник маалыматтары санарипке өтүп жатат. Бул чаралар тобокелдиктерди так болжолдоо үчүн керек.
Климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепети тоо элинин өмүрүнө, коопсуздугуна, социалдык жана экономикалык абалына олуттуу кыйынчылыктарды жаратууда. Бул жагдайды эске алуу менен Кыргызстан ондогон жылдардан бери тоо экосистемаларын сактоону, тоолуу жамааттардын жашоосун климаттын өзгөрүү шарттарына ылайыктап өнүктүрүү демилгесин илгерилетип келет.
2002-жылы БУУнун колдоосу менен Бишкекте Биринчи глобалдык тоо саммити өткөн. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы" (2023–2027-жж.) кабыл алынган. Президенттинин Тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова "Кабар" агенттигине беш жылдыктын Жол картасында кооптуу жаратылыш процесстеринин алдын алуу боюнча бир топ иштер камтылганын билдирди.

“Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттердин Жол картасы климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тоолуу аймактарда табигый кырсыктардын алдын алуу жана коргонуу боюнча масштабдуу иштерди камтыйт. Бардык аракеттерди мониторинг жана эрте эскертүү, коргоо, калыбына келтирүү иштери деп бир нече түргө бөлсө болот.
Ири иш-чараларга жарылуу коркунучунда турган мөңгү көлдөрүнө мониторинг жүргүзүү боюнча маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, республиканын түштүк аймактарында заманбап санариптик сиреналарды орнотуу, коргоочу дамбаларды жана көпүрөлөрдү куруу, жер эрозиясына, жер көчкүлөргө, селдин жүрүүсүнө каршы алдын алуу чаралары катары кооптуу эңкейиштерге жана дарыя бойлоруна көчөттөрдү отургузуу кирет. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери кооптуу тилкелерди дайыма текшерип турушат.

Эл аралык долбоорлор тууралуу айтсак, климаттын туруктуулугун жогорулатууга жана табигый кырсыктарды башкарууга багытталган Жашыл климат фонду долбоорун жана Борбор Азиядагы мөңгүлөргө мониторинг жүргүзүү үчүн маалыматтык системаны түзүүнү караган ГЭФ-ЮНЕСКОнун аймактык долбоорун ишке ашырууну белгилей кетүү керек.
Учурда ишке ашырылып жаткан Дүйнөлүк банктын ландшафттардын туруктуулугу боюнча Resiland долбоору табигый кырсыктарды башкарууга, климаттык коркунучтарга мониторинг жүргүзүү потенциалын күчөтүүгө жана жашыл чечимдер аркылуу ландшафтты калыбына келтирүүгө багытталган”, - деп билдирди Динара Кемелова.
БУУнун беш жылдыгынын жыйынтыгы 2027-жылы Кыргызстанда өтө турган “Бишкек+25” Экинчи глобалдык тоо саммитинде чыгарылат. Биздин өлкө ошондой эле 2026-жылдын август-сентябрында Бишкекте өтө турган ШКУнун өлкө башчыларынын саммитинде да экология, климат маселесин көтөрмөкчү.