Сел коркунучуна каршы күрөш. ӨКМ 21 тилкени модернизациялоодо

Экология Загрузка... 07 Октябрь 2025 12:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 07.10.25 /Кабар/. Кыргызстанда сел коркунучу жогору болгон 21 тилкеде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан модернизациялоо иштери башталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иштер KG RESILAND долбоорунун алкагында башталган. Бул долбоор Борбор Азияда ландшафтарды калыбына келтирүү боюнча регионалдык программа RESILAND CA+ программасынын бир бөлүгү болуп саналат. Кыргызстан Республикасынын ар кайсы региондорунда жайгашкан 21 объект боюнча техникалык-экономикалык негиздеме жана долбоорлоо-сметалык документация даярдоо үчүн изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат.

Бул изилдөөлөрдүн максаты сел жана суу ташкындарынын коркунучун азайтуу үчүн бар болгон гидротехникалык курулуштарды реконструкциялоо же жаңыларын куруу зарылдыгын аныктоо.

Жалпысынан сел коркунучу жогору болгон жана долбоор ишке ашырылган учурда коргоо, экологиялык жана социалдык таасирге жетишүү мүмкүнчүлүгү бар 21 тилке аныкталган.

«21 участок боюнча башталган иш – бул табигый кырсыктардан коргоонун жаңы этабын түзүүгө карай дагы бир кадам. Бул жерде инженердик курулуштар менен табигый элементтер бирдиктүү коргоочу түзүлүш катары каралууда. Бүгүнкү күндө Кыргызстан региондордун туруктуулугун бекемдөө боюнча кеңири чараларды ишке ашырып жатат», – деди өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев.

Тандалып алынган объекттерде иш-чараларды ишке ашыруу төмөнкүлөрдү камсыздайт:

  • сел коркунучун азайтуу;
  • чек аралык инфраструктуралык объекттерди коргоо (анын ичинде жолдорду, көпүрөлөрдү жана дарыялардын нуктарын);
  • айыл калкынын жашоо шартын жакшыртуу;
  • тоо этектерин жана суу чогултуу аймактарын калыбына келтирүү аркылуу табигый туруктуулукту камсыз кылуу.

Долбоонун максаты – Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө деградацияга учураган ландшафтарды калыбына келтирүүдө, табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтууда жана Борбор Азия өлкөлөрү менен чек аралык жаратылыш ресурстарын башкаруу маселелери боюнча кызматташтыкты бекемдөөдө көмөк көрсөтүү.