Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. Европа космостук агенттиги (ESA) менен Япониянын аэрокосмостук изилдөөлөр агенттиги биргелешип ишке ашырып жаткан BepiColombo космостук миссиясы дээрлик сегиз жылдык сапардан кийин Меркурий планетасына жакындап калды.
АЗЕРТАЖ агенттигинин маалыматына ылайык, миссия 2018-жылдын октябрь айында Ariane 5 ракета-тасымалдагычынын жардамы менен учурулган. Ошондон бери космостук аппараттар Күн системасы боюнча 10 миллиард чакырымдан ашык жол жүрдү.
BepiColombo — башка бир планетанын айланасында бир эле учурда эки толук көз карандысыз космостук аппарат иштей турган алгачкы миссия болот.
Экспедициянын негизги максаты — Күн системасынын ички бөлүгүндөгү эң аз изилденген планеталардын бири болгон Меркурийдин калыптанышы жана эволюциясы тууралуу жаңы маалыматтарды алуу. Буга чейин Меркурий NASAнын 1973- жана 2011-жылдары жүргүзүлгөн эки гана миссиясынын алкагында изилденген.
Окумуштуулар ошондой эле Меркурийдин бетиндеги табышмактуу ойдуңдардын келип чыгышын жана күндүз температурасы 430 градуска чейин жеткенине карабастан, анын полярдык кратерлеринде муздун болушунун сырын аныктоону көздөшүүдө.
Меркурий Күндөн орточо эсеп менен 58 миллион чакырым аралыкта жайгашып, анын айланасын 88 Жер суткасында бир айланып чыгат. BepiColombo аппараттары өтө жогорку температура шарттарында иштөөгө атайын ылайыкташтырылган.