Ысык-Көл, 04.09.26. /Кабар/. Буга чейин бир нече жолу экинчи жана үчүнчү орундарды ээлеп келген Эрке ат VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы мелдеште биринчи жолу жеңишке жетти. Бул тууралуу анын саяпкери Чубак Жайлообеков "Кабар" агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Эрке Кыргызстанда туулган, ал эми ата-энеси Ромсиядагы Локовский жылкы заводунан алып келинген. Ат буга чейин мелдештерге үзгүлтүксүз катышып келгенине карабастан, 1-орунду ээлей алган эмес.
Саяпкер бул жолку жеңишке чабандестин салмагы да таасир эткенин белгиледи. Буга чейин Эркеге 54-55 килограмм салмактагы спортчу минип келсе, бул жолу салмагы 27 килограмм болгон чабандес минген.
"Жеңил чабандес мингенден кийин аттын жүрүшү өзгөрдү. Бул машыгуу учурунда эле байкалды. Буга чейин да ылдамдыгы жакшы болчу, 2400 метр сыяктуу кыска аралыктагы жарыштарга катышып келген. Бирок узак аралыкта күчү бир аз жетишсиз болчу", — деди Чубак Жайлообеков.
Анын маалыматына караганда, Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн анын командасы жалпы 15 атты даярдаган. Алардын алтоосу бышты жорго, экөө эки жаштагы аттар үчүн жарышка, бешөө чоң жорго жана бирөө аламан байгеге катышууда.
Саяпкер аттар менен 30 жылдан бери иштеп келе жатканын айтты.
"Көчмөндөр оюндарына аттарды тандоо иштери жаз айынан бери жүргүзүлдү. Биздин 15 аттын баары тандоодон өтүп, рейтинг боюнча мелдештерге катышууда", — деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.
"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.