Бишкек, 17.06.25. /Кабар/. “Саякат” мейманканасы 2 миң долларга ижарага алынып, 40 миң долларга кайра ижарага берилген. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Профсоюздар федерациясынын жетекчиси Мурадил Жумадилде уулу билдирди.
Анын айтымында, бул объект кайтарылып, УКМК менен прокуратура биргелешип тергөө тобу түзүлгөн. Бүгүнкү күндө алар бул боюнча иш алып барып жатышат.
“Өткөн жылы федерациянын Уставына өзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык жерди субижарага жана сатууга тыюу салынган”,-деди ал.
Депутат Улугбек Ормонов бул тууралуу экинчи жолу угуп жатканын, бирок 38 миң доллар алган бул адамдар кимдер экенин эч ким айтпай жаткандыгын билдирди. Эл өкүлү бул тууралуу маалымат берүүнү өтүндү.