Бишкек, 28.05.26 /Кабар/. Сауд Аравиясы Голливуддун кино тармагына ири жеңилдиктерди сунуштап жатат. Падышалык эми өлкө аймагында тартылган фильмдер менен сериалдардын чыгымдарынын 60 пайызга чейин кайтарып берүүгө даяр экендигин Kaзинформ кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул жаңы программа тууралуу Канн кинофестивалында расмий жарыяланган. Сауд Аравиясынын бийлиги мындай кадам аркылуу дүйнөлүк кино өндүрүшүнүн борборлорунун бирине айланууну көздөп жатат.
Ал эми Германияда бир фильмге берилүүчү мамлекеттик колдоонун эң жогорку көлөмү 25 млн еврону түзөт. Сауд Аравиясында бюджети 100 млн доллар болгон долбоордун продюсерлери 60 млн долларга чейин компенсация ала алышат. Эксперттер муну дүйнөдөгү эң ири кино каржылык колдоо программаларынын бири деп баалашууда.
Өлкө бийлиги бул аркылуу Голливуддун режиссерлорун, продюсерлерин жана ири эл аралык студияларды тартууну пландап жатат. Демилге мураскер ханзаада Мухаммед бин Салман ишке ашырып жаткан "Vision 2030" стратегиясынын алкагында жүргүзүлүүдө. Анын негизги максаты — экономиканы мунайга болгон көз карандылыктан чыгарып, көңүл ачуу, туризм жана маданият тармактарын өнүктүрүү.
Адистердин айтымында, жаңы шарттар дүйнөлүк кино рыногуна олуттуу таасир этиши мүмкүн. Айрым европалык өлкөлөр ири кино долбоорлордон айрылып калуу коркунучу бар экенин билдиришүүдө.