Сауд Аравияда Украина менен АКШнын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү өттү

Дүйнө Загрузка... 12 Март 2025 11:15
WhatsApp Image 2025-03-12 at 07.07.07.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Сауд Аравияда Украина менен АКШнын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү өттү.

Еuronews кабарлагандай, жолугушууда Украина Москва да шартты аткарса 30 күнгө ок атышууну токтотууга макул болду.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Россия жакынкы убакытта жарашууга макул болоруна үмүттөнүп жатканын айтты. Трамптын администрациясы Украинага аскердик жардам көрсөтүүнү жана чалгындоо маалыматтарды Украинага берүүнү жандандырмай болду. Тараптар сейрек кездешүүчү металлдар жөнүндө келишимди бекитүүнү тездетүү керектигин белгилешти.

8 сааттан ашык убакытка созулган жолугушууда Киев менен Москванын барымтадагы аскерлерди алмашуу жана Россияга жеткирилген украиналык балдарды кайра кайтаруу да талкууланды.

Сауд Аравиядагы жолугушуудан кийин Украинанын президенти Владимир Зеленский видео кайрылуу жасап, Украина ок атышууну токтотууга даяр экендигин билдирди.