Сары-Талаа – Кызыл-Таш – Зардалы унаа жолу пайдаланууга берилди

Аймак Загрузка... 25 Декабрь 2025 13:03
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. Сары-Талаа – Кызыл-Таш – Зардалы унаа жолу пайдаланууга берилди.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Зардалы айылы Баткен районунун борборунан 110 чакырым алыстыкта тоо арасында жайгашкан.

Зардалы айылын район менен байланыштырган эки жол бар, автоунаа менен жана жөө өтүүчү. Жолдун бир бөлүгү бийик ашуулар аркылуу өткөндүктөн, кышында кар көп жаап, октябрь айынан май айына чейин жабылып калчу. Ошондой эле тургундар тоо боору менен 6,2 чакырым Кожешкен дарыясын бойлоп ат менен жана жөө басчу.

Президенттин тапшырмасы менен Сары-Талаа айылынан баштап Кызыл-Таш жерлигине чейинки узундугу 11 чакырым, туурасы 3-4 метр болгон кууш жолдун туурасы 6 метрге кеңейтилип, Кызыл-Таштан Зардалы айылына чейинки 7 чакырым жол жаңыдан курулуп, Кожешкен дарыясы аркылуу узундугу 30 метр болгон темир көпүрө курулуп, автоунаа каттамы камсыздалды.

Жаңыдан курулган жолдун долбоору боюнча, жол 26 чакырымга кыскарды.
Ошондой эле жыл бою автоунаа каттамы камсыз кылынат, себеби бул бөлүктө кар дээрлик турбайт.

Жалпы узундугу 18 чакырым болгон Сары-Талаа – Кызыл-Таш – Зардалы автожолунун курулушунун баасы 888,9млн. сом.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 29-сентябрында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Зардалы айылында эл менен жолугушуу учурунда Зардалы айылына 2025-жылы жол курула тургандыгын айткан.

Натыйжада мамлекет тарабынан каражат бөлүнүп, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан жол курулду.