"Сары-Челек" коругунда жаңы өткөрмө пункттун курулушу башталды

Аймак 138 13 Август 2026 10:55
WhatsApp Image 2026-08-13 at 10.41.52 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-13 at 10.41.52.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-13 at 10.41.53 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-13 at 10.41.53.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-08-13 at 10.41.52 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-13 at 10.41.52.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-13 at 10.41.53 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-13 at 10.41.53.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. "Сары-Челек" мамлекеттик биосфералык коругунда жаңы өткөрмө пунктунун курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Жаңы өткөрмө пункт коруктун инфраструктурасын жакшыртууга, аймакка кирүүнү көзөмөлдөөнү күчөтүүгө жана келгендер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Иш-чарага катышкан министрдин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев коруктун ишмердүүлүгү жана инфраструктурасынын абалы менен таанышып, "Сары-Челекти" мындан ары өнүктүрүү боюнча алдыдагы пландарды талкуулады.

Белгилей кетсек, "Сары-Челек" мамлекеттик биосфералык коругу — Батыш Теңир-Тоонун уникалдуу экосистемаларын сактоодо маанилүү роль ойногон өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы. Коруктун аймагы Сары-Челек көлү, тоолуу токойлору жана бай өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү менен айырмаланат.