Баку, 01.10.26. /Кабар/. Азербайжандын Баку шаарында CICA Media Forum өз ишин улантууда. Форумдун биринчи бөлүгүнүн темасы – "Поляризацияланган дүйнөдө медиа аркылуу ишенимди бекемдөө".

Форумда Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева иш-чаранын өзү жана анда көтөрүлүп жаткан маселелер бүгүнкү күндө абдан актуалдуу экенин белгиледи.
"Бүгүн дүйнө жүзүндө бөлүнүп-жарылуу күчөп жаткан шартта медиа коомчулугунун алдында маанилүү милдет турат. Башкача айтканда, ЖМК коомду бөлүп-жарган эмес, тескерисинче, ишенимди бекемдөөгө, коомдук ынтымакты жана маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн негизги курал болушу керек", – деди ал.

Салкын Сарногоева өз сөзүндө Кыргызстандын коомдук биримдигин бекемдөөнүн негизги таянычы болгон жана президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен бекитилген "Кыргыз жараны" концепциясына токтолду.
"Бул концепция этностук тегине, динине же социалдык абалына карабастан, бардык жарандарды жалпы жарандык иденттүүлүк, тең укуктуулук жана өлкөнүн келечеги үчүн жоопкерчилик түшүнүктөрүнүн айланасында бириктирип, коомубуздун негизин түзөт.
Концепция этностор аралык ынтымакты жана өз ара урматтоону бекемдөө, мамлекеттик тилди өнүктүрүү менен катар көп тилдүүлүктү колдоо, ар бир адамдын мамлекеттин тагдырына тиешелүүлүк сезимин калыптандырууга багытталган", — деди министрдин орун басары.
Анын айтымында, жалпыга маалымдоо каражаттары бул баалуулуктарды жайылтууда негизги көпүрө болуп саналат. Журналисттер социалдык репортаждар, агартуу долбоорлору жана карапайым адамдардын турмушун баяндаган материалдар аркылуу "Биз ар түрдүүбүз, бирок Кыргызстан элинин бир бөлүгүбүз" деген негизги түшүнүктү калыптандырууга салым кошууда.

Сарногоева Кыргызстан өлкө ичиндеги ынтымакты бекемдөө менен катар эл аралык аренада да тынчтык идеяларын жигердүү жайылтып жатканын белгиледи. Ал буга Кыргызстандын демилгеси менен уюштурулган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын мисал келтирди.
"Бул бүгүнкү күндө маданияттар аралык диалог үчүн эл аралык деңгээлде таанылган аянтчага айланган уникалдуу цивилизациялык долбоор. Ата мекендик жана чет өлкөлүк ЖМКлардын, блогерлердин жана инфлюенсерлердин биргелешкен ишинин натыйжасында Көчмөндөр оюндары дүйнө жүзү боюнча 4 миллиарддан ашык адамды камтыды. Бул көрсөткүч медиа элдерди жана алардын салт-санаасын жакындаштырууга кандайча салым кошо аларын айкын көрсөттү", — деп белгиледи Салкын Сарногоева.