Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Азербайжандын борбору Баку шаарында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин (CICA ) медиа форуму өз ишин улантууда. Форумдун негизги темасы – "Поляризацияланган дүйнөдө медиа аркылуу ишенимди бекемдөө".
Форумда Өзбекстандын президентинин администрациясынын алдындагы ЖМКлар үчүн контент түзүү борборунун директору Кобулжон Ахмедов медиафорумдун мааниси анын кеңири камтуусунда жана Азияда диалог менен ишенимди бекемдөө үчүн маанилүү аянтча болуп жатканында экенин белгиледи.
Анын айтымында, Өзбекстан акыркы 10 жылда коңшулук жана өз ара урматтоо принциптерине таянып, жакынкы жана алыскы өлкөлөр менен көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүп келет. Мында дипломатиялык байланыштар менен катар элдик дипломатия да маанилүү.
"Бүгүнкү күндө ЖМК коомдук пикирди жана ишенимди калыптандыруунун маанилүү куралы болуп калды. Өлкөлөрүбүздүн медиалары саясий окуяларды гана эмес, маданий баалуулуктарды да чагылдыра алат. Маалымат мейкиндигиндеги ишеним өзүнөн-өзү жаралбайт", – деди Ахмедов.
Ал заманбап медиа маалымат таратуу менен гана чектелбестен, коом үчүн жаңы контент жаратышы керектигин белгилеп, журналистикада сенсацияга умтулуудан мурда маалыматтын тактыгына жана ишенимдүүлүгүнө басым жасоо зарылдыгын айтты.
"Бизге дипломатиялык көпүрөлөр менен катар коомдор ортосундагы бекем байланыштар да керек", – деп кошумчалады ал.