Кыргызстандын Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиги мамлекеттин светтик мүнөзүн бекемдөө жана диндин саясий кызыкчылыктар үчүн колдонулуусуна жол бербөө боюнча иш-чараларды улантууда. Былтыр, 2025-жылы кабыл алынган мыйзам менен динди саясий ресурс катары пайдаланууга тыюу салынган. Эрежелер 2021–2026-жылдарга мамлекеттин диний чөйрөдөгү саясатынын концепциясында да орун алган.
Изилдөөлөр боюнча Кыргызстан калкынын дээрлик 93–95%ын мусулмандар түзөт. Учурда республика боюнча 4 миң 441 диний уюм болсо, анын 4048и ислам динин кармангандар. Ал эми 387си христиандарга таандык. Бахаилердин 4 жамааты, иудей жана буддалардын бирден уюму иштеп келет. Өлкөдө 224 диний окуу жай билим берет. Бул арада Башкы прокуратура 20 уюмдун ишмердигине тыюу салган. Бул статистика Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги кеңири сакталарын көрсөтүп турат.

Кыргызстан светтик жана демократиялык мамлекет катары диндин коомдогу руханий ордун сыйлайт, бирок анын радикалдашуусуна, өлкөнү башкарууга жана саясий чечимдерге кийлигишүүсүнө жол бербейт. Дин саясатка аралашканда диний топтордун арасында бийлик жана таасир үчүн кагылышуулар чыгарын тарых жана учурда дүйнөдө болуп жаткан окуялар көрсөтүүдө. Мамлекет динден ажыратылганда ал бардык ишенимдерге бейтарап карап, коомдук туруктуулук сакталат. Бул эреже диндин кызыкчылыктар үчүн бурмаланбай, таза сакталуусун да камсыздайт.
Светтик мамлекеттин негизги принциптери:
- Мамлекеттик башкарууда чечимдер динге эмес, Конституцияга жана мыйзамдарга гана негизделет;
- Диний уюмдар саясатка кийлигишпейт, шайлоо процесстерине катышпайт;
- Бардык диндер жана ишенимдер мыйзам алдында бирдей. Эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү катары кабыл алынбайт;
- Жарандар каалаган динди тутууга же эч бир динди тутпоого укуктуу.
2025-жылга чейин болуп келген парламенттик жана президенттик шайлоолордо белгилүү диний ишмерлер жер-жерлерде колдоого ээ болгону, диний багыттагы саясий партиялар түзүлгөнү, саясатчылар, мамлекеттик жогорку кызматтагылар, депутаттар диний риториканы жана эл менен мечитте намаз окуу, ажылыкка баруу сыяктуу көрүнүштөрдү колдонуп упай топтогону маалым.
Ошондой эле диний билимдин сапаты, калктын дин боюнча түшүнүгүнүн аздыгы, жаштардын туура эмес агымдарга тартылуусу, Сирия сымал өлкөлөргө үй-бүлөсү менен азгырылып кеткендер, дегеле дин саясатынын алсыздыгы байкалып келген.
2025-жылы "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" мыйзам өзгөртүлүп, мамлекеттин көзөмөлү күчөдү, чаралар катаалдашты. Дин ишмерлери саясаттан ажыратылды. Эгер шайлоого катышкысы келсе, диний ыйгарым укуктарын тапшырып, 5 жылдан кийин гана талапкерлигин коё алат. Бардык уюмдар курулуш, адабият таратуу, билим берүү боюнча долбоорлорун Дин башкармалыгы менен макулдашуусу керек. Ал эми диний окуу жайларга бирдиктүү билим берүү стандарттары киргизилген.
Светтик мамлекет эрежелерин сактоо жолдору Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын 2021–2026-жылдарга карата концепциясында да белгиленген:
- Саясий ишмердүүлүккө аралашкан диний топторго каршы мыйзамдык чараларды күчөтүү;
- Шайлоо процесстерине диний факторду колдонууга, диний лидерлердин үгүт иштерине катышуусуна жана диний имараттарды саясий максатта колдонууга катуу тыюу салууда мыйзамдык чараларды күчөтүү;
- Диний окуу жайларда милдеттүү түрдө светтик предметтерди киргизүү, ал эми мектептерде “Дин маданиятынын тарыхы” сымал предметтерди киргизүү менен билим берүү системасын реформалоо;
- Мамлекеттик кызматкерлер менен диний ишмерлердин ортосунда мыйзам алкагында гана кызматташуу механизмин түзүү;
- Маалыматтык түшүндүрүү, жарандарга диний маселелер боюнча илимий негизделген маалымат алууга шарт түзүү, диний уюмдардын сырттан келген каржылык булактарын ачык-айкын кылуу жана максаттуу жумшалышын көзөмөлдөө белгиленген.
Учурдун чакырыгы социалдык тармактардагы диний ишмердикке байланышкан маселелер болууда. Динди тескеген жаңы мыйзамда “диний насаатчы” түшүнүгү киргизилген. Интернетте сабак айтуу үчүн диний ишмерлер кайсы бир уюмдун мүчөсү болушу керек же Кыргызстандын Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинен каттоодон өтүүсү зарыл. Болбосо айыпка тартылат. Интернеттеги көзөмөлдү агенттиктин соцтармактарды мониторинг кылуучу атайын бөлүмү жүргүзөт.
"Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууда же мыйзамдарга өзгөртүү киргизип жатканда коомчулуктун социалдык тармактардагы пикири эске алынат. Албетте, соцтармактардын терс таасири жана чакырыктары дагы бар. Чындыкка дал келбеген жалган маалыматтар олуттуу маселе жаратууда. Маанилүү саясий чечим кабыл алынарда атайын уюшулган "боттор" коомдук пикирди адаштырып, пикир келишпестиктер орун алууда.
Санарип мейкиндик айрыкча диний радикалдашуунун жаңы очогуна айланып, соцтармактар аркылуу экстремисттик идеологиялар тез жайылып, радикал кыймылдардын өз катарына тартуусу оңой болууда. Мамлекеттин светтик принцибин бекемдөө Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын эки (биринчиси: 2014–2020-жылдарга карата, экинчиси: 2021–2026-жылдарга карата) концепциясында артыкчылыктуу багыт катары каралган. Натыйжада коомдо мамлекеттин светтик принциби боюнча туура түшүнүк калыптанып, диний багыттын туруктуу өнүгүүсүнө негиз болду.
Дин тутуу эркиндиги боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, ал коомдук коопсуздукту камсыздоо чараларын жөнгө салууга салым кошту. Калк арасында светтик принципти туура түшүндүрүү, диний чөйрөдөгү мамлекеттин саясаты жана диний экстремизм, радикализмдин алдын алуу боюнча жер-жерлерде маалыматтык түшүндүрүүлөр үзгүлтүксүз жүрүүдө.
Диндер аралык ынтымакты бекемдөөдө, толеранттуулукту жана социалдык биримдикти чыңдоо багытында Кыргызстан конфессиялар аралык кеңешмеси түзүлүп, анын алкагында жыл сайын тематикалык иш-чаралар уюштурулуп келет”, — деп билдирди Кыргызстандын Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин басма сөз кызматы.