Санариптештирүү прокуратуранын ишин жаңы деңгээлге чыгарды

Коом Загрузка... 25 Март 2026 16:50
WhatsApp Image 2026-03-25 at 16.45.28.jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 25.03.26 /Кабар/. Санариптештирүү прокуратуранын ишин жаңы деңгээлге чыгарды. Бул реформалар өлкө жетекчилигинин демилгеси жана эл аралык уюмдардын колдоосу менен ишке ашырылды. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева JUST4ALL долбоорунун жыйынтыгын чыгаруу жыйынында билдирди.

Орун басардын айтымында, 2019-жылы өлкө башчысынын буйругунун негизинде укуктук статистика Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген. Ошол мезгилден тарта укук коргоо органдарын санариптештирүү иши ушул органга жүктөлгөн.

“Европа биримдигинин материалдык-техникалык жана эксперттик-консультациялык колдоосунун аркасында, Башкы прокуратура жана ага караштуу мамлекеттик мекемелердин IT адистеринин эмгеги менен кылмыштардын жана укук бузуулардын бирдиктүү реестрлеринин автоматташтырылган системалары түзүлдү. Бүгүнкү күндө бул системалар ийгиликтүү иштеп жатат.
Долбоор эл аралык өнөктөштөрдүн тажрыйбасына таянып ишке ашырылды. Анын натыйжасында жаран ички иштер органдарына арыз менен кайрылган учурдан тартып, кылмыш ишинин толук тергелишине чейин бардык процесстер автоматташтырылды. Мурдагыдай кагаз жүзүндөгү иштер жоюлуп, жарандар жөн гана арыз формасын толтуруп, кол коюу менен чектелет. Андан соң, маалымат автоматтык түрдө бирдиктүү системага катталып, тиешелүү тергөө органдарына бөлүштүрүлөт. Бул тергөө иштерин кызматкерлердин иш ордунда жүргүзүүгө шарт түздү.
Мурда соттук-медициналык экспертизадан өтүүдө көптөгөн бюрократиялык тоскоолдуктар болгон. Азыр болсо эксперттик корутунду тергөөчүгө автоматтык түрдө жеткирилет. Прокурордук көзөмөл да автоматташтырылган системанын негизинде жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Прокурорлор ар бир кылмыш ишин реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөй алышат. Мурдагыдай чакыруу жана күтүүлөр жоюлду. Жарандардын кайрылууларын кароо процесси да автоматташтырылган. Буга чейин аймактардан маалымат алуу үчүн кошумча убакыт талап кылынса, азыр бардык керектүү маалыматтар система аркылуу ыкчам жеткиликтүү.
Кылмыштардын бирдиктүү реестринде бардык статистикалык отчеттор жана маалыматтар топтолуп, айрыкча үй-бүлөлүк зомбулук жана майыптыгы бар жарандарга карата кылмыштар боюнча талдоо жүргүзүү жеңилдеди. Мунун натыйжасында кошумча убакыт жана күч талап кылынбай, кызматкерлердин иш жүгү кыйла жеңилдеди. Мурда маалымат алуу үчүн аймактарга өзүнчө сурамдар жөнөтүлсө, азыр бул процесс толугу менен санариптештирилди.
Ошондой эле сот процесстери онлайн режимде өткөрүлө баштады. Бул үчүн мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилип, сот процессине катышуучулар үчүн атайын жабдылган кабинеттер түзүлүүдө. Автоматташтырылган системаларды ишке киргизүү менен катар, кадрларды окутуу зарылдыгы да келип чыкты. Бул багытта тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат”,-деди Конкубаева.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарында “Бардыгы үчүн адилеттүүлүк” (JUST4ALL) көп жылдык долбоорунун биринчи фазасынын жыйынтыгы чыгарылды.

Программаны ишке ашыргандар - БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы жана Людвиг Больцман атындагы адам укуктары институту, Юстиция министрлиги, Башкы прокуратура жана Пробация департаменти.