Санариптештирүү — мамлекеттик башкаруунун сапатын жогорулатуунун куралы

Министрлер кабинети 25 Февраль 2026 18:18
699ed9fc439bb (1).jpg
699eda320a273.jpg
699eda3204622.jpg
699eda2bbd840.jpg
699eda2614399.jpg
699eda19274da.jpg
699eda140806c.jpg
Алдыга
Артка
699ed9fc439bb (1).jpg
699eda320a273.jpg
699eda3204622.jpg
699eda2bbd840.jpg
699eda2614399.jpg
699eda19274da.jpg
699eda140806c.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты.

Жыйындын жүрүшүндө ведомствонун 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер аныкталды.

Коллегиянын мүчөлөрү санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчетторду сунушташты, ошондой эле ведомствого караштуу бөлүмдөрдүн жана ишканалардын – Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын, Архив кызматынын, «Түндүк» ААКсынын, «Кыргыз почтасы» ААКсынын жана «Кыргызтелеком» ААКсынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары каралды.

Эдил Байсалов өз сөзүндө санариптик трансформация мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугуна, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгына түздөн-түз таасир этүүчү мамлекеттик саясаттын стратегиялык багыттарынын бири экендигин баса белгиледи.

Коллегиянын жыйынтыгында санариптик реформаларды тездетүү, мамлекеттик сервистерди өркүндөтүү жана Кыргызстандын заманбап санариптик инфраструктурасын түзүү боюнча мындан аркы багыттар аныкталды.