Ташкент, 29.04.25. /Кабар/. 14–16-май күндөрү Өзбекстандын Самарканд шаарында Эл аралык атом энергиясы боюнча агенттиктин (МАГАТЭ) техникалык кызматташтык программасынын Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү үчүн улуттук координаторлорунун кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу «Дунё» маалымат агенттиги билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар тажрыйба алмашып, артыкчылыктуу багыттарды аныктап, аймактык кызматташууну бекемдөө маселелерин талкуулашат. Улуттук координаторлор МАГАТЭ менен өлкөлөрдүн тиешелүү мекемелеринин ортосундагы байланыштарды чыңдоодо негизги роль аткарышат.
Мындай жыйындар буга чейин Тажикстан, Түркия, Хорватия жана Грецияда уюштурулган.
Самарканддагы иш-чарада учурдагы долбоорлордун аткарылышы каралып, кызматташуунун жаңы багыттары аныкталат, ошондой эле техникалык жардам программаларынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар иштелип чыгат.
Иш-чара Өзбекстандын Өнөр жай, радиациялык жана өзөктүк коопсуздук боюнча комитетинин колдоосу менен өткөрүлөт.
Серепчилер белгилегендей, бул иш-чара Борбор Азия жана Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы техникалык кызматташууну өнүктүрүп, аймактагы туруктуулукту жана илимий потенциалды бекемдөөгө өбөлгө түзөт.