Өлкөгө тиш имплантаттарын мыйзамсыз алып келүү аракети токтотулду

Укук тартиби Загрузка... 23 Октябрь 2025 11:30
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 23.10.25. /Кабар/. "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунда стоматологиялык имплантаттарды мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Унааны текшерүү учурунда тиешелүү коштомо документтери жок ар кандай аталыштагы стоматологиялык имплантаттар табылган. Алардын болжолдуу суммасы 1 млн сомдон ашык болгон.

Бул факт боюнча актылар түзүлүп, материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.