Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Товарларды легалдаштыруу үчүн айыптар салынбайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди.
Буга чейин ишкерлерден 2025-жылдын 1-апрелине чейин эсепке алынбаган товарларды легалдаштыруу боюнча көптөгөн суроолор келип, жарандар бул процесстин мүмкүн болгон кесепеттерине болгон тынчсызданууларын билдиришкен.
"Мындай товарларды каттоо үчүн айыптык санкциялар колдонулбайт. Бул процесстин коопсуздугу 2025-жылдын 12-февралында кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы менен кепилденет", - деди Ысабеков.
Ал белгилегендей, ишкерлер товарларын онлайн түрүндө esf.salyk.kg порталы аркылуу же оффлайн түрүндө аймактык салык органдарынын Бирдиктүү терезелери аркылуу легалдаштыра алышат.
Жалпы салык режиминде же 4% жана 2% ставкасы менен бирдиктүү салык режими боюнча иштеген ири бизнес эсепке алынбаган товарларга электрондук эсеп-фактураны онлайн түрүндө гана толтурат.
0%, 0,1%, 0,5%, 1% ставкалары менен бирдиктүү салык боюнча иштеген чакан жана орто бизнес, ошондой эле өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ("Дордой" жана"Кара-Суу" базарлары) ишкерлер онлайн жана салык кызматынын райондук бөлүмдөрүндө товарларды оффлайн түрүндө тариздей алышат.
"Биз ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түздүк – аны менен 2025-жылдын 1-апрелине чейин пайдаланып калыңыздар", – деп белгиледи Кубанычбек Исабеков.
Келип чыгышын тастыктаган документтери жок товарларды легалдаштыруу ишкерлерге төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү берет:
– бухгалтердик эсепти иретке келтирүү,
– келечекте салыктык тобокелчиликтерден качуу,
– эч кандай айып төлөбөстөн товарларды расмий түрдө мыйзамдаштыруу.
Маалым болгондой, легалдаштыруу төмөнкү товарларга колдонулбайт:
– алкоголь жана тамеки продукциясы;
– дары-дармек жана медициналык жабдуулар;
– зер буюмдары;
– нефть продуктулары (ТНВЭД 2710197100-2710199800 коддоруна кирген майлардан башка);
– салыктык текшерүүлөр өткөрүлгөн же сот чечимдери чыккан товарлар.