Салык кызматы санариптештирүү боюнча Эстония менен Чехиядан үлгү алат

Экономика Загрузка... 03 Март 2025 18:17
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы

Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов баштаган делегация салыктык башкарууну санариптештирүү чөйрөсүндөгү алдынкы тажрыйбаларды алуу максатында Чехия жана Эстония өлкөлөрүнө барышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, кыргыз делегациясын Чехиянын Финансы администрациясынын башчысы Симона Хомочова жана Чехиянын Финансы министрлигинин делегациясы тосуп алды.

Ошондой эле Прагада салык тармагы үчүн санариптик чечимдерди иштеп чыгууга адистешкен төмөндөгү алдынкы чехиялык IT -компанияларынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү:
• DATASYS (Мирослав Новак);
• DATASYS EM (Мартин Шретр);
NewPS.CZ (Алеш Кучера).

Жолугушууда салыктык башкарууну санариптештирүүнүн негизги аспектилери, электрондук документти жүгүртүүгө өтүүнүн артыкчылыктары жана салык чөйрөсүнө технологияларды киргизүүнүн ийгиликтүү мисалдары талкууланды. Салык органдары менен салык төлөөчүлөрдүн автоматташтырылган өз ара аракеттенүүсү үчүн почта инфраструктурасын пайдаланууга өзгөчө көңүл бурулду.

Бул сапарлардын негизги максаты – салыктык башкарууга карата европалык ыкмаларды деталдуу изилдөө жана Кыргызстан үчүн ыңгайлуу чечимдерди издөө болду.

Иш сапардын алкагында Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик жана корпоративдик сектор үчүн санариптик трансформациялоого жана технологияларды иштеп чыгууга адистешкен Эстониядагы эл аралык Nortal IT-компаниясынын штаб-квартирасына барды. Nortal АКШда, Европада жана Жакынкы Чыгышта мамлекеттик кызматтарды автоматташтыруу боюнча чечимдерди берүү менен иштейт.

Иш сапардын жүрүшүндө кыргыз делегациясы Эстониянын санариптештирүү жаатындагы негизги жетишкендиктери менен таанышты, анын ичинде:

  • мамлекеттик кызматтарды оптималдаштыруу жана бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу;
  • административдик чыгымдарды азайтуу;
  • мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу;
  • инновациялык салык чечимдерин киргизүү.

Эми Эстония менен Чехиянын тажрыйбасын Кыргызстанда колдонуу мүмкүнчүлүгү талданат. Салык кызматы өлкөнүн салык системасын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, жарандар жана бизнес менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга багытталган заманбап технологияларды киргизүү боюнча иштерди улантууда.