Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы салыктык эмес төлөмдөрдү башкаруу боюнча жаңы модулду киргизүүдө.
Ведомстводон билдиришкендей, системаны натыйжалуу өздөштүрүү жана кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу максатында профилдик бөлүмдүн эксперттери тарабынан уюштурулган окутуучу тренинг өткөрүлдү.
Окутуу онлайн жана офлайн форматта өткөрүлдү, бул республика боюнча аймактык салык органдарынын кызматкерлеринин көп санда катышуусуна мүмкүндүк берди.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар жаңы модулдун функционалы менен таанышып, аны колдонуу боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болушту, ошондой эле эксперттерге актуалдуу суроолорду берип, ыкчам түшүндүрмөлөрдү ала алышты.
Тренинг төмөнкү программанын негизинде өттү:
• Жаңы модулдун мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу;
• Системанын иштөө принциптерин кеңири түшүндүрүү;
• Эксперттер менен "суроо-жооп" сессиясы.
Окутуу Салык кызматынын кызматкерлери тарабынан модулду өздөштүрүү процессин тездетүүгө, салыктык эмес төлөмдөрдү эсептөөнүн тактыгын жана өз убагында болушун жогорулатууга, ошондой эле салык органдары менен салык төлөөчүлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө мүмкүндүк берет деп күтүлүүд