Бишкек, 05.03.26 /Кабар/. Салык кызматы маркетплейстер үчүн электрондук эсеп фактурасын киргизди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз Экспорт” борборунун директору Урмат Такиров билдирди.
Анын айтымында, кыргызстандык кийим тигүүчүлөр товарларын маркетплейстерге жүктөй албай калгандыктан, бул маселе Евразия экономикалык биримдиктин аянтчасында көтөрүлүп, чечүү жолдору талкууланган.
“Декабрь-январь айларынын ичинде министрлик, эки өлкөнүн Бажы жана Салык кызматтары, ошондой эле Ozon жана Wildberries маркетплейстеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда жети отурум өткөрдү. Натыйжада кыргызстандык ишкерлер товарларын маркетплейстерге жөнөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Учурда Россия төмөнкү документтерди талап кылууда:
- CMR - эл аралык транспорттук коштомо кагаз;
- ТТКК - товар-транспорттук коштомо кагаз;
- Электрондук эсеп-фактура – маркетплейстер үчүн.
Мамлекеттик салык кызматы ыкчам түрдө юридикалык жана техникалык өзгөртүүлөрдү киргизип, салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде маркетплейстер үчүн электрондук эсеп-фактура системасын ишке киргизди. Ошондой эле система мыйзам чегинде иштеши үчүн тиешелүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилди”,-деп белгиледи директор.