Өзгөрүүлөргө жол ачкан беш жыл. Ушул убакыт аралыгында Кыргызстан көптөгөн өлкөлөр ондогон жылдарда басып өткөн жолду башынан кечирди. Өлкөнүн баштапкы абалы бир топ алсыз болчу. Экономикасы аксаган, бюджеттик каражат жетишсиз жана өнүгүүнүн так багыты аныктала элек эле. Бирок саналуу жылдардын ичинде өнүгүүнүн жогорку көрсөткүчтөрүнө жетишип, калктын жашоо деңгээли жана ички дүң продукциясы туруктуу өсүп жаткан мамлекетке айлады. Эң башкысы, бул өзгөрүүлөр ар кандай эл аралык рейтингдерде гана эмес, күн сайын көз алдыбызда болуп жаткан иштерден да көрүнүүдө.
Өлкөдө быйыл эле 1,5 миң чакырымдан ашык жол курулуп, жыл сайын 2 миллион чарчы метрге чейин турак жай пайдаланууга берилүүдө. Социалдык инфраструктура кеңейип, айлык акылар менен пенсиялардын реалдуу көлөмү өсүүдө. Ошону менен бирге Кыргызстан эл аралык өнөктөштөр менен кызматташып, аймактык маанидеги ири долбоорлорду ишке ашырууга киришти. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу башталып, Камбар-Ата 1 ГЭСинин курулушуна даярдык иштери аяктады. Кийинки жылы станцияда негизги курулуш иштерин баштоо күтүлүүдө.
Өнүгүүнүн ири жана олуттуу пландары бар жаңы Кыргызстан курулууда. Бул — алдыда боло турган өзгөрүүлөрдүн башталышы гана. Учурда жүргүзүлүп жаткан реформалар жана жаңылануулар экономикалык өнүгүүнүн жаңы баскычына өтүүгө, эл аралык байланыштарды бекемдөөгө жана өлкөнүн Евразиялык жана дүйнөлүк интеграциялык процесстерге натыйжалуу катышуусуна жол ачат.
Ушундан улам Кыргызстан аймактык транспорттук тармакты жана жаңы логистикалык багыттарды өнүктүрүүгө активдүү катышып, энергетикалык потенциалын бекемдеп, өндүрүштүк кубаттуулугун арттырууда. Бул өлкөгө аймактагы транспорттук хабга айланууга гана эмес, кошумча наркы жогору продукция өндүргөн жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрү кеңири өнөр жай кластерлерин түзүүгө да шарт түзөт.
Экономика менен саясат бири-бири менен тыгыз байланышта. Бул эки тармактагы туруктуулук жана шайкештик өнүгүүгө жагымдуу шарт түзөт. Ошондуктан эксперттер өлкөдө президенттик шайлоо жакындап калган учурда Кыргызстандагы кырдаалга өзгөчө көңүл буруп, тыкыр байкоо салып жатышат. Алардын пикиринде, бул жалпы элдик добуш берүү Кыргызстандын мындан аркы калыптанышы жана бекемделиши үчүн тарыхый мааниге ээ болот.
Саясат таануучу жана коомдук ишмер Зайнидин Курмановдун айтымында, Кыргызстан буга чейин эле байкаларлык натыйжаларга жетишти, бирок өлкө өнүгүүнүн алгачкы баскычында турат.

"Биз азыр өтө жооптуу мезгилге кадам таштап жатабыз. Алдыдагы президенттик шайлоо, биринчи кезекте, коомубуздун саясий жактан канчалык жетилгенин сынайт. Жакынкы эле тарыхыбызда жалпы элдик добуш берүү жарандарды дүрбөлөңгө салуу, коомдогу абалды курчутуу үчүн да пайдаланылган учурларга күбө болдук. Анткени жеке кызыкчылыгын көздөп, башаламан кырдаалдан пайда табууга умтулган айрым саясатчылар бар. Алар мезгил-мезгили менен баш көтөрүп чыгышканы менен, өлкө үчүн эч кандай үзүрлүү иш жасай алышпай, акыры саясий аренадан жоголуп кетишкен.
Кыргызстанда 30 жыл ичинде бийликке келген элиталардын бири экинчисинен начар болуп жатты. Бирок 2020-жылы болгон окуялар бул терс көрүнүшкө бөгөт койду. Бүгүн өлкөбүздүн өзгөрүп жатканын баарыбыз көрүп турабыз. Алдыдагы президенттик шайлоодо эл аң-сезимдүү тандоо жасап, өлкөдө терс саясий көрүнүштөрдүн кайталанышына жана мурдагы саясий күчтөрдүн кайрадан бийликке умтулуусуна чекит коёт деп ишенем. Менимче, шайлоочулар өлкөнүн келечеги үчүн кандай тандоо жасоо керектигин жакшы түшүнүп турушат. Мындан 10–20 жыл мурдагы туңгуюк күндөрдүн кайра кайталанышын эч ким каалабайт деп ойлойм. Албетте, коомдогу туруктуулукту бузууга аракет жасагандар чыгышы ыктымал. Анткени психологиялык жактан туруксуз адамдар тынч отура алышпайт. Бирок жалпысынан шайлоо өнөктүгү тынч өтөт деп ойлойм. Эгерде биз өнүгүүнү жана туруктуулукту кааласак, анда тандоо өзүбүздүн колубузда", — деп сөзүн жыйынтыктады Зайнидин Курманов.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов "Кабар" агенттигине билдиргендей, азыркы шайлоо өнөктүгү элдин башын бириктирип, өлкөнүн өнүгүү кызыкчылыгына кызмат кылышы керек.
Анын айтымында, ар бир шайлоочу чечим кабыл алууда дал ушул жагдайларды эске алышы зарыл.

"Биринчиден, акыркы жылдары Кыргызстан социалдык-экономикалык жана саясий өзгөрүүлөрдүн маанилүү этабын басып өттү деп эсептейм. Экономикалык өсүштүн ыргагын, ири инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылып жатканын, энергетика, курулуш жана транспорт тармактарынын өнүгүп жатканына күбөбүз. Ошондой эле өлкөбүздүн эл аралык аброю жогорулап, чет мамлекеттер менен болгон кызматташтык чыңдалууда.
Албетте, бул жетишкендиктердин артында мамлекеттик органдардын, президенттин, министрлер кабинетинин жана жалпы коомчулуктун чоң эмгеги турат. Ошол эле учурда жетишилген натыйжалар өнүгүүнүн акыркы чеги эмес, тескерисинче, мындан аркы өсүш үчүн негиз экенин түшүнүү маанилүү. Алдыдагы президенттик шайлоого келсек, ал Конституциянын жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык, ачык-айкын, таза жана атаандаштык шартында өтүшү керек деп эсептейм. Эң башкысы, ар бир жаран өз тандоосун эркин билдире алышы керек, ал эми добуш берүүнүн жыйынтыгы элдин чыныгы тандоосун чагылдырышы шарт. Биз өзүбүздүн тарыхыбыздан сабак алышыбыз керек. Саясий пикир келишпестиктер, ар түрдүү көз караштар жана атаандаштык — демократиялык процесстин табигый бөлүгү. Бирок чагымчыл аракеттерге, атайылап жалган маалымат таратууга, коомдогу туруктуулукту бузууга жана жарандарды бөлүп-жарууга жол берилбеши керек. Мыйзам бузууларга карата бардык чаралар мыйзам чегинде гана көрүлүүгө тийиш. Бул жерде жоопкерчилик мамлекеттик органдарга гана эмес, саясатчыларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына жана ар бир жаранга да жүктөлөт.
Ошол эле учурда бир маанилүү жагдайды белгилеп кетким келет. Бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн туруктуулукту, коомдогу ынтымакты жана мамлекеттин өнүгүүсүндөгү ырааттуулукту сактоо өзгөчө маанилүү. Айрым адамдардын саясий дымагына карабастан, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы баарынан жогору турушу керек. Биздин милдет — кезектеги шайлоону өткөрүү менен гана чектелбестен, жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин бекемдөө, мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсүнө шарт түзүү", — деп белгиледи Улан Примов.
Ал эми мамлекеттик түзүлүш маселелери боюнча эксперт Шерадил Бактыгуловдун пикиринде, элдин эсинде алты президент, миңдеген саясатчы жана коомдук ишмерлер калды. Бирок алардын көбүн жарандар бүгүн жакшы сөз менен эстей бербейт. Андыктан өлкөнүн экономикада, спортто жана маданиятта жетишкен ийгиликтери менен катардагы кыргызстандыктын сыймыктануусуна себеп болгон иштерди жасаган адамга элдин ишеним көрсөтүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш.

"Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын январында кызматка киришкенден тарта ички жана тышкы саясатта бир катар маанилүү иштерди жасады. Анын жетекчилиги астында өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүү, улуттук ресурстарды мамлекеттин карамагына кайтаруу жана чек ара маселелерин чечүү деген бир катар маанилүү иштер аткарылды. Бул кадамдардын башкы максаты өлкөнү экономикалык токтоп калуудан чыгарып, ыкчам өнүгүү жолуна түшүрүү болгон. Менимче, бул максат ишке ашты. Президент беш жыл ичинде кыргызстандыктар үчүн буга чейинки беш президенттин 30 жылда жасаган иштеринен да көп иш жасады.
Мисалы, Кыргызстандын ички дүң продукциясы 2020-жылы болжол менен 8,3 млрд долларды түзсө, 2025-жылы 22,6 млрд доллардан ашты. Атап айтканда, экономика дээрлик үч эсеге өстү. Акыркы төрт жылда экономиканын орточо жылдык реалдуу өсүү темпи 10,2 пайызды түздү. Көмүскө экономикадагы ишмердүүлүк мыйзамдуу талаага чыгарылды. Натыйжада консолидацияланган бюджеттин көлөмү 2020-жылдагы болжол менен 300 млрд сомдон 2025-жылы 1,1 трлн сомго жетти. Бул иштер мугалимдердин жана медицина кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатууга, пенсиянын өлчөмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Пенсиянын көлөмү биринчи жолу жашоо минимумунан ашты.
2022-жылы Кумтөр алтын кенин толук мамлекеттик башкарууга өткөрүү боюнча чет элдик компаниялар менен келишим түзүлдү. 2021–2025-жылдары кенден мамлекеттик бюджетке 5,1 млрд доллардан ашык каражат түшүп, өлкөдөгү мамлекеттик долбоорлорду каржылоонун маанилүү булактарынын бирине айланды. Электр энергиясынын тартыштыгын жоюу максатында Камбар-Ата1 ГЭСин жана ондогон чакан ГЭСтерди куруу боюнча реалдуу иштер башталды жана бир катар чакан ГЭСтер курулуп, ишке берилди. Мындан тышкары, өлкөнүн транспорттук обочолонуусун жоюуга өбөлгө түзө турган Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу жүрүүдө.
Советтер союзу тарагандан кийин мураска калган чек ара маселелери 30 жылдан ашык убакыт бою Борбор Азиядагы туруксуздуктун себептеринин бири болуп келген. 2025-жылы Кыргызстан Тажикстан менен мамлекеттик чек аранын талаштуу тилкелерин делимитациялоо иштерин аяктап, Өзбекстан менен да бир катар макулдашууларга жетишти. Бул аймактагы жаңжал тобокелдигин жокко чыгарды. Кыргызстан БУУ, ШКУ, Түрк мамлекеттер уюму жана башка эл аралык түзүмдөрдүн алкагында активдүү иш алып барып, транспорт, санариптештирүү жана жашыл энергетика тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле аймактын туруктуу өнүгүшүнө салым кошууда. Мындан тышкары, түрк тилдеринде жасалма интеллектти өнүктүрүү жана Ысык-Көлдү коргоо боюнча БУУнун атайын фондун түзүү демилгелерин көтөрдү. Бир кезде “миңдеген атамандын өлкөсү” деп мүнөздөлгөн Кыргызстан бүгүн экономикасы күчтүү, мыйзамдары иштеген жана келечеги кең, өнүккөн мамлекетке айлануу жолунда баратат ", — деди Шерадил Бактыгулов.
Саясатчылар менен эксперттер өлкөдө башталган реформаларды улантуу зарылдыгын белгилешүүдө. Мындан көп убакыт мурда эмес, коррупциялашкан жана криминалдык чөйрө менен байланышы бар элиталар үстөмдүк кылган өлкө эми гана эркин дем алып, өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ боло баштады. Андыктан реформалар жана өнүгүү программалары улантылышы керек. Азырынча байкалган жыйынтыктар үмүт жаратып, келечекке ишеним арттырууда. Ошол эле учурда саясий туруктуулук жана коомдук ынтымак Кыргызстандын экономикалык өнүгүүнүн жаңы баскычына ийгиликтүү өтүшүнүн маанилүү шарттарынын бири болуп саналат.