Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. 2040-жылга чейин Кыргызстанда иш менен камсыз болгон адамдардын саны 2,7 миллиондон 3,4-3,7 миллионго чейин көбөйүшү мүмкүн.
Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун баяндамасында айтылгандай, бул үчүн өлкөдө 700 миңден 1 миллионго чейин жаңы жумуш ордун түзүү талап кылынат.
Аталган баяндама Астанада өткөн эл аралык экономикалык конференцияда сунушталды. Анда "Экономикалык өсүш, демография жана эмгек рыногу: реалдуулук жана чакырыктар" деген темада Борбор Азия өлкөлөрүндөгү калктын өсүшү жана миграциялык агымдардын өзгөрүшү эмгек рыногуна кандай таасир этери талданган.
Изилдөөгө ылайык, Кыргызстан аймактагы төрт өлкөнүн ичинен экономикалык өсүш темпи боюнча алдыда турат. 2022-2025-жылдары ички дүң продукция жылына орточо 10,2% өскөн. Бул өсүшкө Камбар-Ата 1 ГЭСи жана Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлор да өбөлгө түзүүдө.
Ошондой эле жакырчылыктын деңгээли 34%дан 24%га төмөндөп, реалдуу эмгек акы 2,2 эсеге өскөн. 2040-жылга чейин эмгекке жарамдуу калктын саны 1,19 млн адамга көбөйөрү болжолдонууда. Бул демографиялык өсүштүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланууга шарт түзөт.
Эксперттер адамдык потенциалды өнүктүрүү үчүн экономиканы өзгөртүп, жеке секторду колдоого алуу зарылдыгын белгилешет. Тактап айтканда, расмий жумуш менен камсыз кылууну кеңейтүү экономикалык өсүштү камсыз кылган факторлордун бири болушу керек.
Баяндамада Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан үчүн маанилүү болгон сунуштар да берилген. Алардын катарында жеке бизнести кеңейтүүгө жана жаңы ишканаларды түзүүгө түрткү берүүчү программаларды ишке ашыруу, жаштардын билим алуусуна жана кесиптик даярдыгына инвестиция салуу, ошондой эле мекенине кайтып келген мигранттарга жумуш табууга көмөктөшүү бар.