Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2027-жылдын түшүмүн алуу үчүн күздүк дан эгиндерин себүү иштери уланууда.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча 61 миң 825 гектар аянтка үрөн себилип, план 30,9 пайызга аткарылды.
"Планга ылайык, күздүк дан эгиндери жалпы 200 миң гектар жерге себилиши керек. Себилген аянттын 59 миң 500 гектарына күздүк буудай, 2 миң 300 гектарына күздүк арпа эгилди. Анын ичинен күздүк буудайдын 51 миң 620 гектары жана арпанын 2 миң 300 гектары сугат жерлерге туура келет. Ал эми кайрак жерлерге 7 миң 600 гектар буудай себилди", - деп айтылат маалыматта.