Саламаттык сактоо министрлиги Жүрөк хирургиясы институтундагы өрттө жабыркагандардын абалын айтты

Ден соолук Загрузка... 17 Февраль 2025 10:42
transportirovka_v_druguu_bolnicu1.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтундагы өрттө жабыркаган бейтаптардын абалы тууралуу айтты.

Ведомстводон “Кабар” агенттигине маалымдашкандай, ооруканаларда учурда 25 бейтап бар, алардын 13ү балдар.

Жандандыруу бөлүмүндө эки бала жатат, алардын абалы оор бойдон калууда.

Эске салсак, 11-февралда Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда өрт чыккан маалда 104 адам болгон. Алардын 50сү бейтап, 19у балдар, оорулууларды карап жаткан 32 адам жана 22 кызматкер экени кабарланган. 1 жаш 7 айлык наристе жана 16 жаштагы өспүрүм Кардиологиянын жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан.

Тилсиз жоого байланыштуу ИИМ кылмыш ишин козгогон.