Чуңкурчакта "Супара" этнокомплексинен өрт чыкты

Коом
Чуңкурчакта "Супара" этнокомплексинен өрт чыкты

Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Кечээ, 4-ноябрда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Чуңкурчак айылында жайгашкан "Супара" этнокомплексинин бөлмөсүнөн өрт чыккан. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм жана тез жардам кызматы тартылган.

Учурда өрттү өчүрүү иштери уланып жатканы айтылды.

Тилсиз жоо өрт өчүрүүчүлөр тарабынан түнкү саат 01:15тер чамасында чектөөгө алынган.