"Саймалуу-Ташка" саякат жеңилдеди: Көк-Арт өрөөнүндө жаңы көпүрө пайдаланууга берилди

Аймак 13 Июль 2026 11:45
744042350_1373612541614038_2950893057957189766_n.jpg
745282926_4036014320035739_3987298798507837205_n.jpg
743967294_874470499064629_7680128382688102988_n (1).jpg
746399427_1319997929848907_7335010557745062148_n.jpg
Алдыга
Артка
744042350_1373612541614038_2950893057957189766_n.jpg
745282926_4036014320035739_3987298798507837205_n.jpg
743967294_874470499064629_7680128382688102988_n (1).jpg
746399427_1319997929848907_7335010557745062148_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы "Саймалуу-Таш" мамлекеттик жаратылыш паркынын Көк-Арт өрөөнүндө туристтердин коопсуздугун камсыздоо максатында жаңы көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди.

Мамлекеттик жаратылыш паркынан билдиришкендей, көп жылдан бери көйгөй жаратып келген петроглифтерге алып баруучу көпүрө "Саймалуу-Таш" мамлекеттик жаратылыш паркы тарабынан жаңыланды.

Көпүрөнүн ачылыш аземине райондук мамлекеттик администрациянын башчысы – аким Н. Эшмукамбет уулу катышты.

Ал жаңы көпүрө туристтер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү менен бирге аймактагы туризмди өнүктүрүүгө жана тарыхый-маданий мурастарды сактоого өбөлгө болорун белгиледи.

Райондук мамлекеттик администрация бул долбоордун ишке ашуусуна салым кошкон "Саймалуу-Таш" мамлекеттик жаратылыш паркынын эмгек жамаатына жана демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди.