Садыр Жапаров Пакистандын премьер-министри менен расмий жолугушту

Президент Жүктөлүүдө... 04 Декабрь 2025 15:16
DOS_7549.JPG
DOS_7541.JPG
DOS_7548.JPG
DOS_7550.JPG
DOS_7551.JPG
DOS_7552.JPG
DOS_7553.JPG
DOS_7555.JPG
DOS_7556.JPG
DOS_7558.JPG
DOS_7559.JPG
DOS_7565.JPG
DOS_7566.JPG
DOS_7597.JPG
DOS_8118.JPG
DST_9475.JPG
DST_9543.JPG
DST_9631.JPG
DST_9633.JPG
Алдыга
Артка
DOS_7549.JPG
DOS_7541.JPG
DOS_7548.JPG
DOS_7550.JPG
DOS_7551.JPG
DOS_7552.JPG
DOS_7553.JPG
DOS_7555.JPG
DOS_7556.JPG
DOS_7558.JPG
DOS_7559.JPG
DOS_7565.JPG
DOS_7566.JPG
DOS_7597.JPG
DOS_8118.JPG
DST_9475.JPG
DST_9543.JPG
DST_9631.JPG
DST_9633.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 04.12.25. /Кабар/. Бүгүн, 4-декабрда Исламабад шаарындагы премьер-министрдин кеңсесинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Президент Садыр Жапаровду Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф тосуп алды.

Саламдашуудан кийин эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери аскердик оркестрдин коштоосунда жаңырды.

Ардактуу кароол командири саламдашуу рапортун берди.

Андан соң Садыр Жапаров Ардактуу кароол командиринин коштоосунда килем төшөлгөн жол менен өттү. Кыдыруу аяктаган соң эки мамлекеттин расмий делегацияларынын мүчөлөрү менен лидерлердин кыскача саламдашуусу болду.

Расмий салтанаттан кийин мамлекет башчысы жана Пакистандын премьер-министри биргелешип бак отургузууга катышып, андан соң сүйлөшүүлөр үчүн залга бет алышты.