Садыр Жапаровдун "Борбор Азия – Италия" Биринчи саммитине катышуусу аяктады

31 май 2025 09:00
501052564_1244680947666537_6445752600338155378_n.jpg
502470273_1244681440999821_5736962379843015493_n.jpg
502529455_1244681064333192_2689792884885864971_n.jpg
502478140_1244681264333172_8176281519389480161_n.jpg
501301959_1244681640999801_5983762205391031935_n.jpg
501531782_1244681650999800_8382857751895124557_n.jpg
502562841_1244681184333180_878795945855864025_n.jpg
501501193_1244681107666521_4055684304800752908_n.jpg
502408328_1244681487666483_6220724361143477730_n.jpg
502474926_1244681020999863_2625898442694186770_n.jpg
501347362_1244681387666493_525189439581796237_n.jpg
502472933_1244681337666498_3224565183915546902_n.jpg
502522982_1244681250999840_8150042870401012478_n.jpg
502433627_1244681037666528_4810465373644702525_n.jpg
501395719_1244681327666499_6337754345704169435_n.jpg
502452001_1244681604333138_7105755817282432962_n.jpg
501134121_1244681587666473_8863226528088859627_n.jpg
501371358_1244681547666477_1824646139923092345_n.jpg
502446760_1244680964333202_3624054560371942471_n.jpg
502465174_1244681174333181_4318201012150874470_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.05.25. /Кабар/. Күн мурун, 30-майда, президент Садыр Жапаровдун Казакстандын Астана шаарында өткөн «Борбор Азия – Италия» Биринчи саммитине катышуусу жыйынтыкталды.

Саммиттин темасы: «Жалпы горизонттор. Глобалдык туруктуулук үчүн Борбор Азия менен Италиянын диалогу» деп аталды.

Иш-чарага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Италиянын министрлер кеңешинин төрайымы Джорджа Мелони катышты.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы Италия менен стратегиялык өнөктөштүктү орнотууну, экономикалык жана өнөр жай тармактарындагы кызматташууну чыңдоону артыкчылыктуу багыт катары белгиледи.

Садыр Жапаров акыркы төрт жылда Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы соода жүгүртүү дээрлик беш эсе өскөнүн белгилеп, Кыргызстан чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө умтуларын баса көрсөттү.

Саммиттин алкагында президент Садыр Жапаров Италиянын Министрлер Кеңешинин Төрайымы Джорджа Мелони менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Тараптар эки жактуу кызматташуулардын негизги багыттарын, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестиция тартуу, энергетика, транспорт, суу ресурстары жана санариптик трансформация тармактарында өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Астана шаарында өткөн «Борбор Азия – Италия» саммитине катышуусун аяктаган президент Садыр Жапаров 30-майда Бишкек шаарына кайтып келди.