Садыр Жапаров Жаңы жылды Кыргызстанда үй-бүлөсү менен тосот

Президент Загрузка... 31 Декабрь 2025 11:55
preview_wvufSnf.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.12.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Жаңы жылды Кыргызстанда үй-бүлөсүнүн курчоосунда тосот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, жаңы жылдык каникул маалында өлкө башчысы кадимкидей эле штаттык режимде ишин уланта берет.

Ошондой эле президент министрлер кабинетинин төрагасы, анын орун басарлары, мамлекеттик органдардын жетекчилери менен дайыма байланышта болуп турат.