Садыр Жапаров Ысык-Көлдө суудагы "Формула-1” боюнча дүйнө чемпионатын ачты

Президент 01 Август 2026 15:30
759943114_1630171692450792_7677073908491811987_n.jpg
756620287_1630171539117474_1820077471391236019_n.jpg
756620290_1630172055784089_2683585603334995426_n.jpg
756959321_1630171865784108_8549782976196330527_n.jpg
759330296_1630171839117444_7075706996845723609_n.jpg
759776238_1630171985784096_5070397692386015617_n.jpg
759943120_1630172225784072_5829466252849090642_n.jpg
760294727_1630171929117435_2294181873376072469_n.jpg
760503211_1630172189117409_5995031978053959319_n.jpg
760620752_1630171919117436_6253501611032732120_n.jpg
760671483_1630172159117412_5162190606582320294_n.jpg
760772714_1630171765784118_5752270218822171022_n.jpg
761215560_1630171635784131_3069235543537924264_n.jpg
761297589_1630171492450812_4953627495189056318_n.jpg
761306753_1630171775784117_4804851784721192726_n.jpg
762007460_1630171905784104_3474489525025924049_n.jpg
762081035_1630171485784146_8218713504559304920_n.jpg
762432923_1630172035784091_2045788471321038817_n.jpg
762605955_1630171552450806_6322873199769024514_n.jpg
762655129_1630172179117410_7787909576689039923_n.jpg
763374460_1630172149117413_1856120765568430588_n.jpg
762768979_1630171959117432_8450407696769764805_n.jpg
762689907_1630172095784085_4974292482735296007_n.jpg
Алдыга
Артка
759943114_1630171692450792_7677073908491811987_n.jpg
756620287_1630171539117474_1820077471391236019_n.jpg
756620290_1630172055784089_2683585603334995426_n.jpg
756959321_1630171865784108_8549782976196330527_n.jpg
759330296_1630171839117444_7075706996845723609_n.jpg
759776238_1630171985784096_5070397692386015617_n.jpg
759943120_1630172225784072_5829466252849090642_n.jpg
760294727_1630171929117435_2294181873376072469_n.jpg
760503211_1630172189117409_5995031978053959319_n.jpg
760620752_1630171919117436_6253501611032732120_n.jpg
760671483_1630172159117412_5162190606582320294_n.jpg
760772714_1630171765784118_5752270218822171022_n.jpg
761215560_1630171635784131_3069235543537924264_n.jpg
761297589_1630171492450812_4953627495189056318_n.jpg
761306753_1630171775784117_4804851784721192726_n.jpg
762007460_1630171905784104_3474489525025924049_n.jpg
762081035_1630171485784146_8218713504559304920_n.jpg
762432923_1630172035784091_2045788471321038817_n.jpg
762605955_1630171552450806_6322873199769024514_n.jpg
762655129_1630172179117410_7787909576689039923_n.jpg
763374460_1630172149117413_1856120765568430588_n.jpg
762768979_1630171959117432_8450407696769764805_n.jpg
762689907_1630172095784085_4974292482735296007_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 01.08.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-августта Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери менен биргеликте Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан UIM F1H2O “Формула-1” боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине катышты.

Иш-чаранын башында мамлекет башчыларына суудагы жарыштарга катышуучу спортчулар жана F1H2O болиди тааныштырылды.

Садыр Жапаров иш-чаранын салтанаттуу бөлүгүн ачып жатып, бул өзгөчө маанилүү окуя экенин жана өлкө тарыхында биринчи жолу суудагы “Формула-1” боюнча дүйнө чемпионатынын этабын — Кыргызстандын Гран-присин кабыл алып жатканын айтты.

Бул дүйнөлүк спорттогу эң абройлуу, эң кызыктуу жана эң жогорку технологияларга негизделген мелдештердин бири.

“Мындай жогорку деңгээлдеги дүйнө чемпионатын өткөрүү өлкөбүз үчүн чоң сыймык. Бул Кыргызстандын эл аралык аброю өсүп жатканын айгинелеп, дүйнөлүк спорттук кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат”, - деди президент.

Мамлекет башчысы боордош мамлекеттердин лидерлери — Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусун өзгөчө белгиледи.

“Сиздердин катышууңуздар Борбор Азия бүгүнкү күндө ишенимдин, ынак коңшулуктун жана кол кармашып, биргелешип өнүгүүнүн аймагына айланып бара жатканын даана тастыктап турат.

Биздин мамлекеттерди бир гана жалпы тарыхыбыз, окшош маданиятыбыз жана кылымдардан бери келе жаткан руханий алака-катыштарыбыз эле эмес, элдерибиз үчүн коопсуз, туруктуу жана жаркын келечек курууга болгон жалпы умтулуубуз бириктирүүдө”, - деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле ал бул дүйнө чемпионатын өткөрүүгө карай жол кандай башталганына кыскача токтолду.

Мамлекет башчысы быйыл март айында Эл аралык суу-мотор спорту союзунун президенти Раффаэле Чиулли менен жолугушууда аталган чемпионатты Кыргызстанда өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилгенин эске салды.

“Ошол эле маалда суудагы "Формула-1ди” өткөрүүчү тарап катары биз ажайып кооз табиятыбызга өтө аяр мамиле жасоо, экологиялык маданиятты сактоо жана эң негизгиси, Ысык-Көлүбүздү кийинки муундарга ушу турган турпаты менен өткөрүү биздин принципиалдуу маселебиз экенин эстен чыгарганыбыз жок”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Бул ири эл аралык мелдешке дүйнөнүн 13 өлкөсүнөн - Бириккен Араб Эмираттарынан, Австралиядан, Канададан, Эстониядан, Финляндиядан, Франциядан, Италиядан, Норвегиядан, Польшадан, Португалиядан, Швециядан, Улуу Британиядан жана АКШдан келген суудагы Formula 1 H2O боюнча эң күчтүү 18 спортчу катышууда.

Суудагы “Формула-1” - бул бир орундуу ылдам жүргөн жарыш кайыктарынын катышуусунда өтүүчү эл аралык мелдештердин эң жогорку категориясы.

Ошондой эле бул багыттагы дүйнөнүн эң күчтүү спортчулары биринчи жолу Борбор Азиянын чок ортосунда, кыргыз жеринде жеңиш үчүн ат салышары өзгөчө белгиленди.

Деңиз деңгээлинен 1607 метр бийиктикте жайгашкан Ысык-Көл суудагы "Формула-1” боюнча дүйнө чемпионаттарынын тарыхындагы эң бийик тоолуу жарыш трассасы болуп калат. Бул спортчулар, инженерлер жана техникалык командалар үчүн таптакыр жаңы шарт болуп саналат.

Президент Кыргызстан заманбап жана динамикалуу өнүгүп жаткан мамлекет катары өз позициясын ишенимдүү бекемдеп жатканына өзүнчө токтолду.

“Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү Кыргызстанды жаңыча тааный баштады. Туризм – мамлекеттин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн жана эл аралык деңгээлдеги жагымдуу жагдайдын эң маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири. Бүгүнкү дүйнө чемпионаты биздин өлкөнүн эл аралык аброюн чыңдоого багытталган ырааттуу саясатыбыздын дагы бир айкын далили болот деп ишенем”, — деди мамлекет башчысы.

Ал өлкөгө келген туристтердин саны гана эмес, көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапаты дагы маанилүү экенин баса белгиледи.

“Биз туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына, коопсуздукту камсыз кылууга, заманбап инфраструктураны өнүктүрүүгө жана чын дилден көрсөтүлгөн меймандостукка өзгөчө көңүл бурабыз. Анткени меймандостук - бул биздин жакшы салтыбыз гана эмес. Ал кыргыз элинин муундан муунга берилген улуттук мүнөзүнүн, руханий мурасынын жана кылымдарды карыткан маданиятынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат”, - деди президент.

Бул контекстте ал негизги долбоорлорго токтолду. Алардын бири - төрт мезгил бою иштей турган “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа кластери. Бул заманбап тоо-лыжа инфраструктурасын, мейманкана комплекстерин, транспорттук тармакты, спорттук объектилерди жана эс алуу жайларын бириктирген ири туристтик долбоор.

Келечекте “Ала-Тоо Резорттун” лыжа трассаларынын жалпы узундугу болжол менен 260 чакырымды түзүп, аны дүйнөдөгү трассалары эң узун он ири тоо-лыжа курортунун катарына кошууга мүмкүндүк берет.

Дагы бир ири долбоор — “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагы. Ал жакынкы жылдары капитал тартуу, санариптик жана финансылык кызматтарды өнүктүрүү, мейманкана жана туристтик инфраструктураны кеңейтүү, ошондой эле инновациялык ишкердик менен жогорку технологиялуу бизнестин заманбап экосистемасын түзүү боюнча эл аралык аянтчага айланат.

2035-жылга чейин “Тамчы” аймагында 4 миңден ашуун резидент-компания иш жүргүзүп, 10 миңден ашык жаңы жумуш орду түзүлөрү күтүлүүдө.

Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров спортчуларга ийгилик каалап, инженерлерге, механиктерге, машыктыруучуларга, куткаруучуларга жана командалардын бардык мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирди. Ал алардын жогорку кесипкөйлүгү жана эмгеги мелдештин ийгиликтүү өтүшүн жана катышуучулардын коопсуздугун камсыз кыларын баса белгиледи.

Андан соң мамлекет башчылары дүйнө чемпионатынын расмий башталышын билдирген символикалык ишке киргизүү механизмин иштетип, UIM F1H2O болиддеринин жарышына күбө болушту.