Бишкек, 24.08.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-августта, Бишкектеги “Ырыс-Ордо” мамлекеттик конгресс борборунун салтанаттуу ачылышына катышты.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Урматтуу мекендештер!
Ардактуу аксакалдар, эмгеги сиңген эл жакшылары!
Жана кадырлуу меймандар!
Бүгүн жалпы кыргызстандыктар жана борбор калаа тургундары үчүн өзгөчө сыймыктана турган тарыхый күн! Ар бир элдин, ар бир мамлекеттин, ар бир борбор шаардын тарыхында анын эл аралык айдыңдагы ордун аныктай турган, сырттан келген меймандарга өлкөнүн даражасын көтөрө турган өзгөчө бир имарат-жайлары болот.
Биз жаңы Кыргызстанды куруу жолунда мамлекетибиздин дараметин жана келечекке болгон умтулуусун айгинелеген заманбап өнүгүүнүн жаңы символу катары “Ырыс Ордо” мамлекеттик конгресс борборунун салтанаттуу ачылышына чогулуп олтурабыз.
“Ырыс Ордонун” ачылышы Кыргызстандын эң башкы байлыгы болгон Эгемендик күнүнө карата эң сонун белек болуп турат.
Алгач жаңы ийгиликтердин башаты болсун деп аруу тилек кылып, куттуу имараттын – “Ырыс-Ордонун” ачылышы менен баарыңыздарды чын дилимден куттуктаймын!
Кадырлуу замандаштар!
Бул заманбап конгресс борбордун “Ырыс-Ордо” деп аталышында өтө терең маани жатат. Кыргыз элинин кылымдар бою келе жаткан улуттук философиясын жана улуу тилегин камтыган бул сөз бүтүндөй бир элдин бакубатчылыгы, берекеси, ынтымагы менен токчулугу өңдүү Жараткандын берген бардык жакшылыгын туюндурат. Элибизде “Ырыс алды — ынтымак” деп бекеринен айтылган эмес. Эгерде өлкөбүздө ынтымак болсо, анда ошол жерге ырыс уялайт, береке төгүлөт, мамлекет өнүгөт.
Ошондуктан, бул конгресс борбордун “Ырыс-Ордо” деп аталышы — өлкөбүзгө бакубатчылык чакырган, мамлекетибиздин ырыскысын арттыра турган, кут төгүлгөн ордо болсун деген улуу тилекти, изги ниетти билдирет. Бул жерге кадам таштаган ар бир чет элдик мейман, ар бир мекендешибиз кыргыздын ырыс-кешигин, берекесин, меймандостугун жана дем-күчүн сезип турсун деп тилейбиз.
Урматтуу мекендештер!
Мына бүгүн ырыстуу “Ырым Ордобузда” өлкөбүздү ар кайсы мезгилдерде 35 жылдан бери жылдан бери башкарууга катышкан инсандар, депутаттар, министрлер, губернаторлор чакырылып, сиздер менен бирге баарыбыз чогулуп отурабыз. Эгемен Кыргызстандын бүгүнкү даражага жетүүсүндө ар бириңиздердин өз салымыңыздар бар экени талашсыз.
Кечээ саясий атаандаш болгонубузга, же бүгүн айрым маселелерде пикир келишпестигибизге карабай, мамлекет үчүн маанилүү иштерде саясий көз карашты, жеке амбицияны четке коюп, өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн бирге тура билишибиз керек.
Саясий көз караштар ар түрдүү болушу мүмкүн, бирок өлкөбүз бирөө эле, Кыргызстан деген Ата Мекенибиз бирөө! Демек, анын келечеги да бир!
Мен бир нерсеге ар дайым кубанам. Мына бул жердеги жаштарыбызга, саясаттагы жаңы жүздөргө да кайрыла кетейин. Кийинки муун Мекен башына күн түшкөндө же өлкө үчүн маанилүу маселе жаралганда ким кайсы тарапта экенине карабай, кандай көз карашта экенине карабай бир Туунун астына чогулуп, бир позицияда тура алгандыгын байкап келе жатам. Ушул асыл сапатыңардан жазбасаңар, Кыргызстандын жаркын келечеги силердин колуңарда болот.
Кимиңер кандай саясий көз карашта, кандай позицияда болбогула, Кыргызстан үчүн күйүп-жансаңар, мамлекеттин тагдыр чечүүчү маселелеринде, өлкөбүздүн кубанычында да, кыйынчылыгында да бир муштумга түйүлгөн күчтүү муунду мына силер түптөйсүңөр!
Учурдан пайдаланып, жалпы эле жаштарга бир насаат айта кетейин деп турам. Мына ушул залда эгемендүүлүк алган 35 жылда “Мен саясатчымын”, “Мен чын өнүктүрөм”, “Мен кыйынмын” деген дөө-шаалардын 100 пайызы чогулуп отурабыз.
Эгемендүүлүктү алган 35 жылда биз бир-бирибиз менен акыйнек айтышып, болор-болбос маселелерге демагог болуп, популисттик куру кыйкырык кылып, бир-бирибизге жалган жалаа жабыштырып, түндүк-түштүк болуп бөлүнүп келдик. Бирок мамлекетибиз жарытылуу жакшылыкка, ийгиликке жетишкен жок.
Ошондуктан сиздер, урматтуу жаштар, биздин муундун ушундай терс жагынан үлгү албай, жакшы жактарынан үлгү алып, ынтымактуу жана биримдиктүү болуп, келечекке ишенимдүү көз караш менен карап, күчтүү Кыргызстанды курууну улантып кетишиңиздер керек.
Биз куруп жаткан жаңы Кыргызстан бир адамдыкы же бир бийликтики эмес, ал баарыбыздыкы, жалпы элдики, жамы журттуку! Ошондуктан ынтымагы бекем, руху бийик, келечегине ишеним менен караган ырыстуу өлкөнү курууну уланта берели.
Бүгүнкү салтанаттын урматтуу катышуучулары!
Ушу тапта Кыргызстан дүйнөлүк саясатта жана эл аралык майданда өзүнүн жигердүү, конструктивдүү ордун ишенимдүү ээлеп келет. Биз көп векторлуу, тынчтыкка жана өз ара пайдалуу кызматташууга багытталган тышкы саясатты жүргүзүп жатабыз жана мындан ары да ушул эле саясатты улантабыз. Мына ушундай шартта, өлкөбүздө ири эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрө турган аянтчалардын болушу, албетте, заман талабы!
“Ырыс Ордо” – жалпы аянты 39 миң чарчы метрден ашкан, бир убакта 2 миңден ашуун конокту кабыл алууга эсептелген заманбап, көп функциялуу конгресс борбор катары курулду. Анын курамында 1 238 орундуу “Курултай” конференц-залы, 1 000 орундуу банкеттик зал, 235 орундуу пресс-зал, ошондой эле жогорку деңгээлдеги кеңешмелерди жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө арналган заманбап залдар бар.
Бул жерде Элдик курултайдын жыйындарын, мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги жолугушууларды, ири эл аралык форумдарды, ошондой эле өлкө үчүн маанилүү коомдук жана маданий иш-чараларды өткөрсө болот. Бул имараттар мамлекеттик иш-чаралар үчүн гана эмес, жеке жактар үчүн дагы, өкмөттүк эмес уюмдар үчүн дагы эшиги ачык.
Ошондой эле расмий делегациялар менен жогорку даражалуу конокторду жайгаштырууга арналган 8 конок үй да курулду. Бул үйлөрдү да коммерциялык негизде акы төлөө менен чет өлкөлөрдөн келген жогорку даражалуу конокторубуздар үчүн пайдалансаңыздар болот.
Кудай буюрса, “Ырыс Ордо” конгресс борбору дүйнөлүк саясаттын күн тартибиндеги эң орчундуу маселелер каралган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ), Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ), Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ), Түрк мамлекеттеринин уюмунун жана башка ири эл аралык уюмдардын, лидерлер саммиттеринин, глобалдык форумдардын аянтчасы болуп берет.
Мындай ири иш-чаралардын өтүшү менен Кыргызстандын эл аралык абырою жана геосаясий имиджи артат. Борбор Азиянын жүрөгүндө жайгашкан өлкөбүз ири чечимдер кабыл алынуучу эл аралык дипломатиянын жаңы борборуна айланат. Буюрса, бул жерде кабыл алынган тарыхый чечимдер, түзүлгөн эл аралык келишимдер дүйнөлүк тарых барактарында “Бишкек декларациясы” же “Ырыс Ордо келишимдери” деген ат менен кылымдарга кала тургандыгына терең ишенем.
Кадырман калайык-калк!
Бул долбоорду ишке ашырууда биз имараттын коопсуздугуна, практикалык маанисине, шаар турмушуна тийгизе турган таасирине жана логистикасына өзгөчө көңүл бурдук.
“Ынтымак Ордонун” да, “Ырыс-Ордонун” да айтылуу Боз-Бөлтөктүн этегинде жайгашуусу бекер жерден эмес, бул ары символикалуу көрүнүш. Кечээги тарыхыбызды жакшы билген аксакалдар, тарыхчылар атактуу Түлөберди баатыр атабыз дал ушул чөлкөмдөрдү конуштап келгенин, ал эми анын небереси Байтик баатыр дал ушул жерде ордо тикелеп, элибиздин тагдырындагы тарыхый чечимдерди кабыл алып келгенин айтып келишет. Кыргыз элинин эгемендиги жана коопсуздугу үчүн тикесинен тик турган бул эки залкар жана анын санаалаштары ушул аймактарда ири дипломатиялык кадамдарды жасагандыгын да ата-бабаларыбыздын арбагы ыраазы болушу үчүн айта кетүүнү атуулдук парзым деп билем.
“Ырыс Ордонун” инфратүзүмдүк артыкчылыгы анын стратегиялык жактан туура жайгашкандыгында экенин кошумчалай кетейин. Борбор калаабыздын тоо тарабында, тагыраак айтканда, түндүк тарапка карай, логистикалык жактан ыңгайлуу аймакта курулгандыктан, бул жер шаардын ички кыймылына, борбордук көчөлөрдөгү жол тыгындарына терс таасирин тийгизбейт.
Мында шаар тургундарынын тынчтыгын жана ыңгайлуулугун сактоо менен бирге, мамлекеттик деңгээлдеги коопсуздукту камсыз кылуу эске алынды.
Ошону менен бирге, бул ири курулуш шаарыбыздын архитектуралык келбетине жаңы дем, жаңы көрк кошту. Имараттын заманбап футуристтик стили менен кыргыздын улуттук оюу-чиймелери айкалышып, Бишкектин визиттик карталарынын бирине айланат. Буюрса, борбор калаабыздын бул бөлүгү шаардын архитектуралык деңгээлин бир топ жогорулатат.
Эл аралык ири иш-чаралар өтө турган бул имараттын ичинде, ошондой эле ага удаалаш жайгашкан чет өлкөлөрдүн эң жогорку жетекчилери үчүн курулган конок үйлөргө Гапар Айтиев, Леонид Деймант, Давид Флекман, эл баатырыбыз Тургунбай Садыков баштаган искусство чеберлеринин колунан жаралган керемет эмгектеринин илиниши “Ырыс Ордонун” беделин көтөрүп, ар бир кыргыз уулун сыймыктанта тургандыгын бөркүмдөй көрөм. Кыргыздын таланттуу сүрөтчүлөрү Жоомат Кадыралиевдин, Сабитжан Бакашевдин, Сатар Айтиевдин, Адылбек Байтерековдун, Талант Огобаевдин жана башка кыл калем ээлеринин тарткан сүрөттөрү бул көркөмдүү имараттардын маанисин арттырмакчы.
Маселен, ошол эле Тургунбай аганын чебер колунан чыккан Махмуд Кашкари менен Жусуп Баласагын бабаларыбыздын эстеликтери, алп манасчы Саякбай Каралаевдин, кыргыз өңү атыккан Сүймөнкул Чокморовдун, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сүрөттөрү жана башка дал ушундай эмгектер улутубуздун уңгусун улап, кыргыз маданиятын чет өлкөлүк меймандарга даңазалайт.
Ошентип, бул жерде кыргыз сүрөт өнөрүнүн бай тарыхын, бийик эстетикалык деңгээлин чагылдырган өзүнчө бир чоң улуттук коллекциясы топтолду. Бул эмгектердин баалуулугун билип, аларды эл арасынан жыйнап, дал ушул “Ырыс Ордого” коюуну колго алгандардын эмгеги зор деп айтар элем. Сөзүмдүн соңунда, “Ырыс-Ордонун” курулушун жалпысынан иш жүзүнө ашырган Кыргыз Республикасынын президентинин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Тургунбекович Туманбаевге, ошондой эле Иш башкармалыктын бардык кызматкерлерине ыраазычылык билдирем.
Ал эми бул ажайып имараттын долбоорун сызган архитекторлорго, күнү-түнү талыкпай эмгектенген куруучуларга, инженерлерге ыракматымды айтам. Сиздердин колуңуздардан жаралган бул керемет имарат кыргыз элинин жаратуучулук дараметин дагы бир жолу далилдеди.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Дагы бир жагдайды өзгөчө баса белгилегим келет. “Ырыс Ордо” мамлекеттик конгресс борбору да, “Бишкек Арена” стадиону да толугу менен мамлекеттик каражаттын эсебинен курулду. Бүгүн өлкөбүздүн ири инфратүзүмдүк жана социалдык долбоорлорду өз алдынча ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү жетип калды. Биз муну баалай билишибиз керек.
Бул – Кыргызстан өз күчүнө жана өз ресурстарына таянып, өз алдынча өнүгүп жаткандыгынын түздөн-түз далили. Бул сыяктуу ири курулуштарга ар бир кыргызстандыктын салымы зор деп айтар элем. Келип кетмен-күрөк кармабаса да, жүрүп жаткан чоң-чоң долбоорлорду кош колдоп, кубаттап туруунун өзү чоң салым.
Эми алдыбызда чоң милдеттер турат. Жакын арада Эгемендигибиздин 35 жылдыгын белгилөөнүн алкагында ири иш-чараларга катышууга 20 чакты чет мамлекеттин башчылары келгени жатат. Алардын ичинде Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бар. Мындай масштабдуу окуялар бүткүл дүйнөнүн көңүлүн өзүнө бурат.
Ушундан улам, бир муштумга түйүлгөн биримдиктүү эл, ынтымактуу журт экенибизди дагы бир жолу тастыктап, алдыдагы эл аралык иш-чараларды чогуу-чаран, мыкты деңгээлде: так логистика менен, коопсуздук жана жогорку сапаттагы тейлөө менен, оюндарды кара кылды как жарган калыстык менен өткөрүп алалы.
Кыргыз жергесине кадам таштаган ар бир мейманды татыктуу тосуп, бүткүл дүйнөгө кыргыз элинин меймандостугун, көөнө маданиятыбызды жана бай салт-санаабызды көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн жакшылап пайдаланалы. Биз Кыргызстандын жүзүн кооз сөздөр менен гана эмес, ушул сындуу ири иш-чараларды кынтыксыз өткөрүү менен дүйнөгө таанытабыз.
Мына ушундай ири эл аралык иш-чаралар үчүн кучагын жайып, жаңы ачылып жаткан “Ырыс-Ордодо” ар дайым өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө багытталган тарыхый чечимдер жаңырып турсун!
Бул куттуу жерден кыргыз мамлекетинин ырысы артсын, берекеси ташысын!
“Ырыс Ордо” баарыбызга кут болсун!”